Ошто кыргыз-өзбек чек аралары боюнча сүйлөшүүлөр өтүп жатат

© Фото / пресс-служба кабинета министров КРВице-премьер Кыргызстана Жениш Разаков и заместитель главы правительства Узбекистана Адхам Икрамов обсудили в Оше приграничные вопросы
Вице-премьер Кыргызстана Жениш Разаков и заместитель главы правительства Узбекистана Адхам Икрамов обсудили в Оше приграничные вопросы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөт башчыларынын орун басарлары чек ара маселесин талкуулашат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бүгүн вице-премьер Жеңиш Разаков Ош облусунда Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов менен жолугушат. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн маалымат кызматынан билдиришти. 

Жолугушуу маалында тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркациялоо маселесин талкуулашат.

Биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев кыргыз-казак чек арасындагы өткөрүү пункттарын кыдырды - Sputnik Кыргызстан
Биринчи вице-премьер Абулгазиев чек арадагы өткөрүү пункттарын кыдырды
Разаков эки тараптуу кызматташуу жана кошуналык мамилелерди чындоонун мааниси чоң экенин белгиледи. Анын айтымында, мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо менен бирге азырынча чечиле элек маселелер боюнча тез арада бир пикирге келүү зарыл.

Эске сала кетсек, чек ара маселеси эки өлкөнүн президенттери 2016-жылдын декабрь айында Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында жолуккан маалда козголгон.

Чек ара маселелерин чечүү боюнча талкуулар эртең улантылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0