Учак кырсыгынан улам казакстандыктар кайрымдуулук уюштурууда

© Sputnik / Джон Траст / Медиабанкка өтүүКаптагы ун. Архив
Каптагы ун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казакстандык интернет колдонуучулар социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү жазышууда.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Алматы калаасынын тургундары "Манас" аэропортунун жанындагы кыйраган учактан улам жабыркагандарга азык-түлүк жана жылуу кийимдерди чогултууда. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги билдирди. 

Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам - Sputnik Кыргызстан
Казакстандан келген Нурбир: ата-энем, бир туугандарымдан ажырап карайлап турам
Эске салсак, Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган. 

Казакстандык интернет колдонуучулар социалдык тармактар аркылуу билдирүүлөрдү жазышууда. 

"Урматтуу достор! Бишкекте трагедия болуп, бир канча адам каза болду. Ушундан улам жабыркагандарга гуманитардык жардам көрсөтүүнү туура көрдүк. Кайдыгер карабагандарды жардам көрсөтүүгө чакырам", — деп жазды Адель Смит. 

Sputnik Казакстан агенттиги кайрымдуулук уюштуруп жаткан "Мен алматылыкмын" (Я алматинец) коому менен байланышкан. 

"Биздин уюм кайрымдуулук уюштурууда. Учурда жардамга кол сунгандар көбөйүп жатат. Буюрса чогулган каражаттар жүк ташуучу унаа менен Бишкекке жеткирилет", — деди аталган уюмдун кызматкери Арман Шеген. 

Күтүлбөгөн кырсыктан улам жай тургундар үйсүз жана кийим-кечексиз калышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0