Учак кыйроосунан операция жасатууга бараткан Мурадиллаев учпай калды

© Sputnik / Жоомарт УраимовКырыгзстандык актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү
Кырыгзстандык актер Азиз Мурадиллаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ал бүгүн таңкы саат 7:05де Түркиянын Стамбул шаарына сапар тармак.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Дача-Суу айылында учактын кыйрашынан "Манас" аэропортунда аба каттамдары токтотулуп, операция жасатуу үчүн бараткан актер Азиз Мурадиллаев Стамбулга учпай калды. Бул туурасында актердун аялы Элвира Жумалиева билдирди. 

Ал бүгүн таңкы саат 7:05де Түркиянын Стамбул шаарына сапар тартмак.

"Азиз апасы экөө аэропорттон өтүп учакка отургандан кийин учак кырсыгына байланыштуу каттам токтотулганын айтып артка кайтарыптыр. Ал жактагы дарыгерлерге абал туурасында айтканыбызда түшүнүү менен кабыл алышты. Эми алардын билеттери алмаштырылып, эртең учмай болушту" — деди Жумалиева. 

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Түндөн чыкпай калган мекендештер. Учак алааматынын чоо-жайы
Эске салсак, 16-январда Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы саат 7.30дар чамасында "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача-Суу айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен отуздан ашык киши каза болуп, 23 үй бузулган.

Мунун кесепетинен Манас" эл аралык аэропорту" эртең менен саат 8.30да жабылып, кайра 13.30дан тарта кадимки калыбында иштөөгө өтүп, каттамдарды кабыл ала баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0