Дача айылына кулаган учак уюлдук телефон жана кийим-кече ташып бараткан

© Sputnik / Табылды КадырбековСотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учак жалпысынан 85 тонна жүк ташып бараткан. Анын ичинде тиричиликке керектүү буюмдары бар.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанында кулаган учак уюлдук телефон сыяктуу калктын күнүмдүк колдонуучу товарларын ташып баратканын биринчи вице-премьер Мухамметкалый Абулгазиев маалымат жыйында билдирди.

"Учакта жалпысынан 85 тонна жүк болгон. Алар электроника, кийим-кече, уюлдук телефон", — деди Абулгазиев.

Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка жакын кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 кишинин аты-жөнү аныкталды.

Аталган учак Гонконгдон Стамбулга учуп, Бишкектеги "Манас" аэропортуна май куюу үчүн конууга аракет кылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0