Авиакырсык: каза болгондордун үй-бүлөсүнө жана жабыркагандарга 70 миң сомдон бөлүнөт

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуСпасатели и местные жители несут тело погибшего при крушении самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Спасатели и местные жители несут тело погибшего при крушении самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка жакын кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 кишинин ким экени аныкталды.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Учактын кулашынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга 70 миң сомдон жардам берилерин өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Дача айылына 16-январда эртең менен кулаган Boeing 747 учагы кыркка жакын кишинин өмүрүн алган. Учурда каза болгон 32 адамдын ким экени аныкталды.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Boeing-747 учагынын кыйрашынан каза болгондордун жакындарына жана жабыркагандарга берилип жаткан жардам боюнча атайын жыйын өткөрдү.

Маалыматка ылайык, учурда кырсык болгон аймактагы бардык көчөлөргө электр энергиясы берилди. Электриктер үзүлгөн зымдарды калыбына келтирүү боюнча тынымсыз аракеттерди көрүүдө.

"Бүгүн Кыргызстанга эл аралык авиациялык комитеттин эксперттери, Boeing компаниясынын эксперттери изилдөө иштерине катышуу үчүн келет", — деп айтылат маалыматта.

Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык: 37 маркумдун ким экени аныкталып, 31 сөөктү туугандары алып кетти
Өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарымдуу өкүлүчүлүгүнүн башчысы Бактыбек Кудайбергенов авиакырсыктан жабыркаган 11 үй-бүлө туугандарыныкында экенин айтты.

Премьер-министр ошондой эле Социалдык өнүгүү министрлигине үй-бүлөсү жана турак-жайынан ажыраган балдардын маселесин чечүүнү тапшырды. Андан сырткары, үй-жайсыз калган жарандардын тизмесин тактап, аларга маалында жардам берүү керектигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0