Авиакырсыктан жабыркагандарды колдоо үчүн бирдиктүү эсеп ачылды

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес коомчулук, жеке жактар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы көрсөтүлгөн реквизиттер аркылуу каражат которо алышат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Дача айылына кулап түшкөн учактын айынан жабыркаган жарандарга колдоо көрсөтүү максатында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги атайын эсеп ачты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты. 

Билдирмеге караганда, эсеп ачуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ишке ашкан. 

Бизнес коомчулук, жеке жактар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат: 

  • Эсеп номери 4407012100007868
  • КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы БИК 440001
  • Эсеп коду 14238900
  • Ош шаары, Моминова 11 көчөсү
  • ОКПО 22710535
  • ИНН 00103200110150
  • Салык кызматынын Ош шаары боюнча коду 032

Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонкондон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда. 

Акыркы маалыматтарга караганда, 40ка чукул адам көз жумуп, 13 киши жабыркады.

Авиакырсыктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн даректерди жана телефондорду Sputnik Кыргызстан материалынан көрүңүздөр>>

Жаңылыктар түрмөгү
0