Өспүрүмдөрдүн өзгөчө ойлоп табуулары

© Sputnik / Табылды КадырбековВ Бишкеке открылся клуб робототехники
В Бишкеке открылся клуб робототехники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан маалыматына караганда, 2016-жылы түрдүү ойлоп табуучулар үчүн 120 патент берилген.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Өспүрүмдөрдүн ойлоп табуулар күнү 17-январда көпчүлүк өлкөлөрдө белгиленет. Аталган дата америкалык саясатчы, дипломат жана ойлоп табуучу Бенжамин Франклиндин туулган күнүнө туш келет. Анткени ал 12 жашында бутка кийип алып сууга сүзгөнгө ылайыктуу болгон бут калактарды ойлоп тапкан. Ал эми кыргызстандык өспүрүмдөр эмнелерди ойлоп таап, кандай ачылыштарды жасап жатат? Бул күнгө байланыштуу Sputnik Кыргызстан ой чабыты кенен, дүйнөнү өзгөрткүсү келген окуучулардын иштерин коомчулуктун назарына сунуштайт.

Кыргызстанда жаңы жабдууларды ойлоп табууга дилгир болгон жаштардан уучубуз кур эмес. Алардын кээ бири жараткан эмгектери менен жаратылышты сактагысы келсе, дагы бири өндүрүштө адам өлүмүн азайтууга аракеттенгендер.

Коопсуз лифт

Кара жорго бийлеген робот. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көчмө насос, 360 градуска айланган стол. КР ойлоп тапкычтарынын табылгасы
Бишкек шаарындагы №26 мектебинин 11-классынын окуучусу Дмитрий Губеев коопсуз лифти иштеп чыгууга эки жылдай убакыт кетирген. Анын өзгөчөлүгү эгер лифттин тросту үзүлүп кетсек, катуу ылдамдык түшүп бара жаткан лифтти капталдарына орнотулган пластналар кысып токтото алат. Учурда окуучу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан патент алуу аракетин көрүүдө. "Мектепти ийгиликтүү аяктасам чет өлкөдө энергетика багытында билим алам" деген окуучунун ойлоп табуусун өнөр жайда да пайдаланууга болот. 

Ал азыр мектептен сырткары балдардын "Алтын түйүн" республикалык инженердик-техникалык академиясында билим алат. 

Акыр-чикир тазалоочу унаа

17 жаштагы мектеп окучуусу Тунук Омушев жасалма колдорду курап чыккан. Жасалма темир кол датчиктин берген буйругу менен иштеп, үч килограммга чейинки салмакты көтөрө алат. Андан сырткары ал акыр-чикир тазалоочу унааны да жасаган. 

Тунук мындай жабдууларды кичинесинен баштап жасай баштаган. Буюрса, мектепти аяктаган соң, конструкторлук боюнча билим алууну пландап жатат.

Океандагы таштандыларды чогултуучу жабдуу

Интернеттен океандардын кирдеп жаткандыгы жөнүндө тасма көрүп, ага чара көрүү керектигин ойлонгон окуучу атайын тазалоочу жабдууну иштеп чыгууга алгачкы кадамдарды баштаган. Ал узак убакыт түрдүү адабияттарды окуп, сууну тазалоо ыкмаларын изилдеген. 11-класстын окуучусу Мария Арефьеванын ойлоп табуусуна окшогон жабдуу дүйнө жүзү боюнча Австралияда гана бар, анын ортосунда айырма кичине гана. 

Бул ойлоп табуу Чүй облусунда 2-орунду алса, "Биз — XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз" сынагында 1-орунга татыган. Мария окуусунан сырткары балдардын "Алтын түйүн" республикалык инженердик-техникалык академиясында кошумча билим алат. Учурда ал ойлоп табуусун жакшыртуу аракетин кылып, патент алууга өтүнмө даярдоодо.

Көп функциялуу кар тазалоочу унаа

Аны Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Шерипбай уулу Максатбек иштеп чыккан. Унаа карды тазалап, жолдун четинде калган карды капталындагы чоң түтүктөрү менен соруп алат. Андан сырткары кошумча чиркелген чиркегич дагы каралган. Ал тазаланган жолго кум чачып кетет. 

Максат өзүнүн бул ойлоп табуусу менен окуучулар арасындагы республикалык сынактан 3-орунга ээ болгон. Ал учурда түрдүү ойлоп табуулар менен алектенип келет.

Үч дөңгөлөктүү велосипед

Алайдагы Токтогул Сатылганов атындагы орто мектебинин окуучусу Адилет Аттокур уулу 12 жашынан бери түрдүү жабдууларды иштеп чыгуу менен алектенет. Ал үч дөңгөлөктүү велосипедди төрт жылдын ичинде иштеп чыккан. Азыр ал аны айылда тээп жүрөт. 

Мындан тышкары Адилет айдоо талаасын таштан арылтуу үчүн атайын унааны ойлоп тапкан. Анын жардамы менен колдонулбай жаткан таштак талааны айдоого жарактуу кылууга болот. Адилет өзүнүн ойлоп табуусу менен Нарын шаарында өткөн республикалык сынакка катышып 1-орунду алган. Мектеп окуучусу учурда анын техникалык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу менен алек.

Жаңылыктар түрмөгү
0