Авиакырсыктан жабыркагандарга кийим-кече, азык-түлүк чогултуу токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековВременный лагерь у городского морга для родных и близких погибших в результате крушения грузового авиалайнера в селе Дача-Суу
Временный лагерь у городского морга для родных и близких погибших в результате крушения грузового авиалайнера в селе Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми калоочулар акчалай түрдө жардам көрсөтө алат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Авиакырсыктан жабыркагандарга жана ал жерди тазалап жаткан кызматкерлерге азык-түлүк жана кийим кечелерди чогултуу токтотулду. Бул туурасында Бишкек мэриясынын маалымат катчысы Гуля Алмамбетова Facebook баракчасына жарыялады. 

"Азык-түлүк менен кийим кечелер керектүү өлчөмдө чогулгандыктан кабыл алуу токтотулду. Бирок калоочулар акчалай түрдө жардам көрсөтсө болот" — деди Алмамбетова.

Билдирмеге караганда, эсеп ачуу премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен ишке ашкан. 

Бизнес коомчулук, жеке жактар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат: 

  • Эсеп номери 4407012100007868
  • КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы БИК 440001 
  • Эсеп коду 14238900 
  • Ош шаары, Моминова 11 көчөсү 
  • ОКПО 22710535 
  • ИНН 00103200110150 
  • Салык кызматынын Ош шаары боюнча коду 032 

Дүйшөмбү күнү саат 7.30да "Манас" аэропортунун жанына Гонконгдон Стамбулга учуп бараткан Boeing-747 учагы кулаган. Ал Бишкекке май куюп алуу үчүн токтомок. Кыйроонун себептери аныкталууда. Акыркы маалыматтарга караганда, 40ка чукул адам көз жумуп, 13 киши жабыркады.

Каргашалуу кырсыктын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттиги даярдаган материалдан окусаңыз болот>>

Жаңылыктар түрмөгү
0