Бишкекте кырсыктаган Boeing-747 учагынын экинчи кара ящиги табылды

Жазылуу
Кара ящиктеги маалыматты эл аралык авиациялык комитеттин адистери иликтешет.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Бишкектеги Дача айылынын үстүнө кулап түшкөн Boeing-747 учагынын экинчи кара ящиги табылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады. 

Эске салсак, кечээ 16-январда кырсык болгон жерден биринчи кара ящик табылган болчу. 

"Кара ящиктеги маалыматты эл аралык авиациялык комитеттин адистери иликтешет. Алардын бүгүн келүүсү күтүлүүдө", — деп айтылат маалыматта. 

16-январь күнү таң эрте Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө кулаган. Кырсыктан акыркы маалыматтар боюнча 37 кишинин көз жумганы белгилүү болду.

Дача айылына кулаган учактын алгачкы видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0