Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керек

© AP Photo / Vladimir VoroninКрушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу
Крушение самолета Boeing-747 в Дача-Суу - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
38 адамдын өмүрүн алган учак кырсыгы калың калктын кабыргасын кайыштырып, көкүрөктү өрттөп турган учур. Балким тиешелүү аракеттер көрүлгөндө айрымдардын өмүрүн сактап калууга болоор беле? Бирөөнү күнөөлөөдөн алыспыз. Бирок бул окуя биз үчүн кандай сабак болгондугуна токтолуп көрдүк.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Жаңы жыл башталаары менен каргашалуу окуя болуп, 16-январь күнү тынч уйкуда уктап жаткандар ошол бойдон аркы дүйнөгө кете берди. Ошентип айылга кулаган учак 38 адамдын өмүрүн жалмап, кандуу дүйшөмбү болду. Бүтүндөй өлкөнүн көкүрөгү канап, жүрөгү мыкчылып турду. 

Атасынын сөөгүн жерге бере элек Руслан эки кызынан бирдей айрылды - Sputnik Кыргызстан
Атасынын сөөгүн жерге бере элек Руслан эки кызынан бирдей айрылды
Кырсык тууралуу кабар таңкы желдей тарап, соцтармак ыйга толду. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Өрт өчүрүү кызматы, Тез жардам станциясы, ИИМ жана Башкы штабдын өкүлдөрү окуя болгон жерге барып, жардамдарын көрсөтүп жатышты. Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков баш болгон министрлер, депутаттар жеринде жүрүштү. Ал эми карапайым калк карап отурбастан кийим-кече, азык-түлүктөрүнө чейин чогултууда. Ал тургай кошуна казактар кайрымдуулук иштерин уюштуруп, Түркиядагы, Россиядагы кыргыздар акча чогулта баштады. Жардам көрсөтүү боюнча бир билекке биригип, кыйынчылыкка туруштук бергенибизди сыймыктануу менен айтууга болот. Анткен менен бул окуя өлкө үчүн чоң сабак болду. 

Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде кыйраган учак тууралуу маалымат угулуп, "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу Өрт өчүрүү кызматынын адистери 40 мүнөттө араң келгендигин айтып, өрт өчүрүүчүлөр эртерээк келгенде каза болгондорду сактап калуу мүмкүнчүлүгү бар болгондугун билдирди. Эл өкүлү муну менен катар аэропорттун жетекчилигин шалаакылыкка күнөөлөп, өрт тууралуу кабарды жөнөкөй жарандар жеткиргендигине нааразы болду. 

Өз кезегинде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги депутаттын дооматын четке кагып, Өрт өчүрүү кызматкерлери кырсык болгон жерге жарым саатта келгендигин билдирди. 

Эксперттер эмне дейт

Өрт маселеси…

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жети жыл министрдин орун басары болуп иштеген Болот Айдаралиев чоң ишканаларда өзүнүн өрт өчүрүү кызматы болушу керектигин билдирди. 

"Кырсык капилеттен болуп кеткендиктен бирөөлөрдү күнөөлөөдөн алысмын. Анткен менен бул окуя биз үчүн чоң сабак болушу керек. Бир топ кемчиликтер кетти. Шаардагы чоң ишканалардын өзүлөрүнүн өрт өчүрүү кызматтары болушу зарыл. Талап боюнча өрт өчүрүүчүлөр шаар ичинде чыккан өрткө 10 мүнөттө жетиши керек. Бирок бизде тиешелүү техникалар жетишсиз экендигин эске алганыбыз дурус", — деди ал. 

© Sputnik / Медиабанкка өтүүКайрымдуулук иштери
Крушение грузового самолета в Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Кайрымдуулук иштери

Кайрымдуулуктагы баш аламандык…

"Элим барсыңбы?" фондусунун төрагасы Хабибулла Арзыкулов жабыркагандарга жардам көрсөтүү жаатында баш аламандык болгондугун билдирди. 

"Кечээ күнкү окуя чындыгында чоң сабак болуп, кайрымдуулук жасоо жаатында маданиятыбыз өнүккөндүгүн далилдеди. Бир муштумга биригип, колдон келген жардамдарыбызды берип жаттык. Бирок баш аламандык болуп кетти. Кайрымдуулук жасайм дегендер кимге кайрыларын билбей калышты. Мындай учурду шылуундар пайдаланып кетиши толук мүмкүн", — деди Арзыкулов. 

Ал мындай кырдаалда расмий бийлик өкүлдөрү бирдиктүү борбор түзүшү зарылдыгын кошумчалады. 

Авиакатастрофа самолета Боинг-737-200 в районе аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда кандай авиакырсыктар катталган — 12 окуя
"Шаардык мэрия же Социалдык өнүгүү министрлиги расмий фонд ачса жакшы болмок. Жеке адамдардын каражат топтошу туура эмес. Же болбосо атайын фонддор менен иш алып баруу керек. Алар отчетторун тапшырып, баары айкын жүрөт", — деди ал. 

Ал эми ӨКМ жетекчисинин мурдагы орун басары Айдаралиев ведомстволор аралык комиссия жакшылап иштесе, мындай көйгөй жаралбай тургандыгын билдирди. 

"ӨКМдин алдында ведомстволор аралык комиссия бар. Ага ар кыл министрликтер кирген. Ар ким өз милдетин аткарса маселе жаралбайт. Мисалы, кийим-кече, азык-түлүк алып келгендерди Социалдык коргоо министрлиги карашы керек эле. Ошондо көйгөй болмок эмес. Бир ӨКМди карап отура берген болбойт. Анан атайын түзүлгөн өкмөттүк комиссия демилгени колго алып, баарын иретке келтириши зарыл. Аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жардамдашышы керек эле", — деди Айдаралиев.

Мыйзамсыз түшкөн үйлөр…

Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин аэропортторду сертификациялоо бөлүмүнүн башчысы Канатбек Бейшеналиев мыйзам боюнча үйлөр аэропорттон алыс салынышы керектигин билдирди. 

"Мыйзамга ылайык аэропорттун жанына үй курууга болбойт. Эл аралык аэропорттон үйлөр үч чакырым радиуста, өлкө ичинде рейс жүргүзгөн аэропорттон эки чакырым алыс болушу керек. Бирок бул мыйзам 2015-жылы гана кабыл алынып, өткөн жылдын башында күчүнө кирген", — деди Бейшеналиев. 

Сокулук райондук жерлерди жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлктү каттоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Казыбек Кубатов Sputnik Кыргызстан агенттигине кырсык болгон айыл аэропорттон бир чакырым алыстыкта жайгашкандыгын билдирди. 

Сотрудники правоохранительных органов на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Эсил кайран бир боорум, ай…
Ал эми мурунку вице-премьер Абдрахман Маматалиев кооптуу жайлардан элди көчүрүү керек деген ойдо. 

"Кооптуу аймакта жашап жаткан жайларды аныктап, ал жактан элди көчүрүү керек. Бул бир гана аэропорттун жака бели эмес. Мен кызматта турган кезде Сузакта жер көчкү болуп, бир канча адамды басып калды. Көрсө жарандарга 1990-жылдары эле көчүп кетүү боюнча эскертүү берилип, каражаттар да таратылган экен. Алар уккан эмес. Бул жерде дагы элди сөзсүз көчүрүш керек", — деди Маматалиев. 

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМ кызматкерлери окуя болгон жайда
Крушение самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жайда

Техника көйгөйү…

Маматалиев бул кырсык Кыргызстан үчүн коңгуроо экенин кошумчалады. 

"Бактыга жараша, окуя шаарга жакын жерде болду. Ошондуктан тиешелүү техника кеч да болсо барып, жардам көрсөттү. Эгерде алыскы аймакта ушундай окуя болгондо тиешелүү техника жетип барарына көзүм жетпейт", — деди ал. 

Мурунку вице-премьер техниканы күчтөнтүү керек деген ойдо. 

Крушение грузового самолета Boeing 747 в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт кырсыктаган учактын эки кара ящиги табылганы тууралуу жаңылышып алган
"Буга чейин ӨКМ, Саламаттык сактоо министрлиги жана ИИМге тиешелүү көңүл бурулган эмес. Эми алар сураган каражатты берип, байланыш каражаттарын, атайын техникаларды жана жарык берүүчү жабдууларды алышы керек", — деди Маматалиев. 

Белгилей кетсек, өткөн жылдагы өрт кырсыктарында дагы техниканын жетишсиздиги сыяктуу бир топ көйгөйлөр оркоюп чыккан. Анткен менен маселе дале чечилбей келет. Башкысы бул окуядан сабак алсак болгону. 

Дача айылына кулаган учактын алгачкы видеосун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0