Кыйраган учактын экинчи кара ящиги табылды, алар Москвадан чечмеленет

Жазылуу
Учурда кырсыктын себептерин кечээ Кыргызстанга келген Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Гонконгдон Стамбулду көздөй баратып, Бишкекке май куюу үчүн токтомок болуп, Дача айылына кулаган Boeing-747 учагынын экинчи кара ящиги табылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Аба кемесиндеги биринчи кара ящик кечээ, 17-январь күнү табылган.

"Кара ящиктерди чечмелөө үчүн алар Москвага жөнөтүлөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда кырсыктын себептерин кечээ Кыргызстанга келген Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0