Авиакырсык: учкучтардын сөөгү Түркия элчилигине өткөрүп берилди

© AFP / Vyacheslav OSELEDKOСотрудник МВД КР на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта "Манас"
Сотрудник МВД КР на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жаткан учак Дача айылынын үстүнө кулаган.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортунун жанында кырсыктаган учак экипажынын үч мүчөсүнүн сөөгү Түркия элчилигине жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө саат таңкы 7:18де кулаган. Кырсыктан 38 киши көз жуумп, 16 киши жабыркаган. 17-январь Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган. 

"Түркия элчилигине Boeing-747-400F учагынын учкучтары Ибрагим Даранджи, Хазим Ондуна, Исхон Кошанын сөөктөрү өткөрүп берилди", — деп жазылат маалыматта. 

Сөөктөр бүгүн мекенине жөнөтүлөт. 

Ал эми төртүнчү учкучтун денесинин бөлүктөрү алдын ала маалыматтар боюнча өлүкканада.

Жаңылыктар түрмөгү
0