БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Саат 10.00гө карата ӨКМдин авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачкан атайын эсебине 5 миллион 723 миң 783 сом чогулганын аталган министрлик билдирди.
Бизнес коомчулук, жеке тараптар, министрликтер менен ведомстволор жана башка каалоочулардын бардыгы төмөнкү реквизиттер аркылуу каражат которо алышат:
Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.
Мындан тышкары, ӨКМ атайын эсепке министрликтин финансыны башкаруу жана бухгалтердик эсеп башкармалыгынын жетекчиси Алмаз Эргешов жоопкер экенин белгиледи. Аны менен 0770 022 022, (0312) 54 79 01 телефондору аркылуу байланышууга болот.2017-жылдын 16-январында Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкектен май куюу үчүн "Манас" аэропортуна токтомок болгон Boeing-747 учагы Дача айылынын үстүнө таңкы саат 7:18де кулаган. Кырсыктан 38 киши көз жумуп, 16 киши жабыркаган. 17-январь Кыргызстанда аза күнү деп жарыяланган.
Аталган кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитетинин адистери иликтеп жатат.
Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.
Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.
Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
Кудайга сыйынып жаткан аял
Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
Дин кызматкери зыярат учурунда
Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.
"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.
Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.