Кыйраган учактын үч учкучунун сөөгү Түркияга жөнөтүлдү

© Sputnik / Табылды КадырбековКаза болгондордун сөөгүн учакка жүктөө. Архив
Каза болгондордун сөөгүн учакка жүктөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маркумдардын сөөктөрү бүгүн таң эрте саат 7.55де Бишкек — Стамбул каттамы менен жөнөтүлгөн.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Сокулук районундагы Дача айылында кырсыктаган Boeing-747 учагынын үч учкучунун сөөгү мекенине жөнөтүлгөнүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, маркумдардын сөөктөрү бүгүн таң эрте саат 7.55де Бишкек — Стамбул каттамы менен жөнөтүлгөн.

"18-январда Boeing-747 учагынын үч учкучу Ибрагим Даранджи, Хазим Өндүн, Исхон Кошанын сот-медициналык экспертиза борборунда тек-жайы аныкталып, Түркиянын элчилигинин өкүлдөрүнө мекенине жөнөтүү үчүн берилген", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 38 киши каза болуп, 23 үй бузулган. Белгилей кетсек, өкмөт каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 70 миң сомдон жардам көрсөтүлөөрүн билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0