Атамбаев: кыйын кырдаалда ынтымагыбыз бекем экендиги далилденди

Жазылуу
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өкмөткө жабыркагандарга жардам берүүнүн юридикалык тарабына колго алууну тапшырды.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев өкмөт башчы Сооронбай Жээнбековду кабыл алып, кыйраган учактан жабыркагандарга жардам берүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Эске салсак, 16-январда Гонконг — Стамбул каттамы менен учкан MyCargo Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-747-400F учагы "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулап түшкөн. Анын кесепетинен 38 киши каза болуп, 23 үй бузулган. 

"Катаал шартка карабай куткаруучулар колдон келген жардамын көрсөтүштү. Бул каргашалуу окуядан жабыркагандарга балдардан тартып, пенсионерлерге чейин жардам көрсөтүүдө. Алардын моралдык жана материалдык колдоосу чоң колдоо болууда. Бүтүндөй өлкөнүн жардамга кол сунушу элдин ынтымагынын бекемдигин жана өлкөнүн күчтүүлүгүн дагы бир ирет тастыктады", — деп жазылат маалыматта. 

Өлкө башчы өкмөткө жабыркагандарга жардам берүүнүн юридикалык тарабын даа колго алууну тапшырды.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0