Окурман: РСК жабыркагандарга которулган акчадан комиссия алганын улантууда

© Sputnik / Табылды КадырбековСтолдогу акча жана калькулятор. Архив
Столдогу акча жана калькулятор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин атайын эсебине акча которууда андан комиссия алуу улантылып жатканын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Дача айылына кулап түшкөн учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине акча которууда РСК Банкы комиссия алууну улантып жатканын окурман Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери аркылуу билдирди.

Эске салсак, ӨКМ жабыркагандарга жардам катары акча которуу үчүн атайын эсеп ачкан. 18-январда Sputnik Кыргызстан агенттигине жардам катары которулган акчадан комиссия алынып жатканын айтып кайрылышкан

Окурман акча которууда комиссия алынбашы керектигин айтканда банктын кызматкери андайды укпаганын билдирген.

© Фото / очевидца, отправленное по Whats App-каналуӨКМдин атайын эсебине авиакырсыктан жабыркагандар үчүн акча которулгандыгын тастыктаган квитанция
Квитанция банка, свидетельствующая о перечислении на спецсчет МЧС КР средств пострадавшим в авиакатастрофе - Sputnik Кыргызстан
ӨКМдин атайын эсебине авиакырсыктан жабыркагандар үчүн акча которулгандыгын тастыктаган квитанция

"Банктын кызматкерлери комиссия алынбай турганы боюнча буйрук тууралуу маалыматы жок экенин айтышты. Акча которуучу система комиссия алынмайынча иштебей турганын, кандай болгон учурда дагы комиссия кармаларын билдиришти. Бир катар адамдар кан жутуп турганда, аларга которулган каражаттын эсебинен акча жасоо эмне деген шумдук", — деп окурман нааразычылыгын билдирди.

Банктын маалымат катчысы Теңгелбес Мусаев кызматкерлердин бардыгы эле комиссия албоо боюнча банктын буйругун биле бербеши мүмкүндүгүн айтты.

"Балким, алар буйрук тууралуу билбеши мүмкүн. Ошентсе да бул банкты жоопкерчиликтен куткарбайт. Которулган акчадан билбестиктен алынган комиссия боюнча кардарлар бизге кайрылса, кармалган каражатты кайтарып беребиз", — деди Мусаев.

Ал ошондой эле комиссия алынган учурлар болсо төмөнкү телефондор аркылуу маалымат берүүнү өтүнөт.

  • Аймактык өнүгүү башкармалыгы — 65-45-24
  • Сактык касса башкармалыгы — 65-46-04

Кандайдыр бир окуяларга күбө болуп калсаңыздар Sputnik Кыргызстан агенттигинин +996 706 566 544 WhatsApp номери аркылуу билдирсеңиздер болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0