Учак кулаган жердеги издөө иштери токтотулду

Жазылуу
Жүк ташуучу учак дал ушул Дача айылынын үстүнө кулап, 38 кишинин өмүрүн алды. Учурда кырсыктын себептерин Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтөөдө.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Boeing-747 учагы кулаган аймакта издөө иштери аягына чыкты. Кырсыктан 38 кишинин өлгөнү такталды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов маалымат жыйын учурунда айтты.

Дүйшөмбү күнү "Манас" аэропортунун жанындагы Дача айылына Гонконгдон Стамбулду көздөй келе жатып, Бишкекке май куюу үчүн токтомок болгон жүк ташуучу учак кулаган. Кырсыктан 38 адам көз жумуп, 16 киши жаракат алган. 

Учурда кырсыкты Мамлекеттер аралык авиация комитети иликтеп жатат. 

"Издөө иштери аягына чыкты", — деди Боронов.

Анын айтымында, айылда ошол учурда 130 киши болсо, анын 126сы жергиликтүү тургундар болгон. 38 адам набыт кетсе, анын 34ү — кыргызстандыктар.

Кыйраган учактан Кыргызстан кандай сабак алышы керектиги тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0