Дем алыш күнү канаттууларга кам көргөн иш-чара өтөт

© Sputnik / Игорь Подгорный / Медиабанкка өтүүКанаттуулар. Архив
Канаттуулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар өз колдору менен чымчыктарга азыктануучу жайларын жасап коюшат.

БИШКЕК, 21-янв.— Sputnik. Борбор калаадагы Энвер Гареев атындагы ботаникалык бакта канаттуулардын тамактануусун жакшыртууга багытталган окутуу өтөт. Бул тууралуу "Ырыстан" коомдук фонду билдирди. 

Тоодогу маралдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Аңчылык департаменти жаныбарларды коргоонун ордуна курутабы…
Иш-чара 21-январда 13:00дө ботаникалык бактын ресурстук борборунда башталат. 

Маалыматка ылайык, иш-чаранын жүрүшүндө шаар тургундарына канаттууларды тамактандыруу ыкмалары боюнча мастер-класстар өтүлөт. Андан соң катышуучулар өз колдору менен чымчыктарга азыктануучу жайларын жасап коюшат. 

Аталган иш-чара ыктыярчылар тарабынан экинчи ирет өтүп жатат. Анын максаты — өсүп келе жаткан муунду канаттууларды сүйүүгө жана аларга кам көрүүгө багытталган. 

Жаңылыктар түрмөгү
0