Кыргызстандык дизайнер алтын менен күмүштөн чүкө жасоодо

© Фото / Искендер Асаналиев Дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жасаган чүкөнүн дизайны
Дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жасаган чүкөнүн дизайны - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күмүш чүкөлөр брелок, сувенир болуп колдонулса, алтын оролгон сакалар баалуу белек катары берилет.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жана алюминийден чүкө жасап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

© Фото / Искендер Асаналиев Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жана алюминийден чүкө жасап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жана алюминийден чүкө жасап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жана алюминийден чүкө жасап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Күмүштөн жасалган чүкөлөрдү сувенир, брелок катары пайдаланса болот. Бир нече чүкөнү кошуп, жипке өткөрүп алып теспе катары көтөрүүгө мүмкүн. Ойнойм дегендерге алюминийден жасалган чүкөлөр жарайт", — деди дизайнер.
Күмүштөн жасалган чүкөлөрдү сувенир, брелок катары пайдаланса болот. Бир нече чүкөнү кошуп, жипке өткөрүп алып теспе катары көтөрүүгө мүмкүн. Ойнойм дегендерге алюминийден жасалган чүкөлөр жарайт, — деди дизайнер. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Күмүштөн жасалган чүкөлөрдү сувенир, брелок катары пайдаланса болот. Бир нече чүкөнү кошуп, жипке өткөрүп алып теспе катары көтөрүүгө мүмкүн. Ойнойм дегендерге алюминийден жасалган чүкөлөр жарайт", — деди дизайнер.
1/2
Кыргызстандык дизайнер Искендер Асаналиев күмүштөн жана алюминийден чүкө жасап жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди
2/2
"Күмүштөн жасалган чүкөлөрдү сувенир, брелок катары пайдаланса болот. Бир нече чүкөнү кошуп, жипке өткөрүп алып теспе катары көтөрүүгө мүмкүн. Ойнойм дегендерге алюминийден жасалган чүкөлөр жарайт", — деди дизайнер.

Анын айтымында, бул чүкөлөрдү ар кандай шарттарда колдонсо болот.

"Күмүштөн жасалган чүкөлөрдү сувенир, брелок катары пайдаланса болот. Бир нече чүкөнү кошуп, жипке өткөрүп алып теспе катары көтөрүүгө мүмкүн. Ойнойм дегендерге алюминийден жасалган чүкөлөр жарайт", — деди дизайнер.

Асаналиев чүкөгө чапталган баалуу таштар кооздук үчүн экенин айтты.

Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берген Искендер
"Капталында чапталып турган таштын ордуна алтынды дагы колдонсо болот. Бул дизайндын бир гана түрү, башкаларын ачып чыга элекпиз. Мындан тышкары, кыргыздар тойлордо бири-бирине белек кылышы үчүн алтындан чүкө жасасакпы деген ой бар болчу. Бирок толугу менен алтын болсо, өтө кымбат болуп кетет экен. Ошол себептүү күмүш сака катары, ичиндеги кытты платинадан куюп, сыртында оролгон зымды алтындан кылалы деп пландап жатабыз", — деди Асаналиев.

Азырынча чүкөлөрдүн баасы канча болоору аныктала элек.

Искендер Асаналиев — Италия, Япония сыяктуу чет өлкөлөрдөгү фирмалар менен кызматташып, бут кийим жана сааттардын дизайнын иштеп чыккан кыргызстандык дизайнер. 2016-жылы кесиптеши Жанышбек Ботоев менен биргеликте "Шаардык көчмөндөр" сумкалар коллекциясын жана "Кокан" деген отургучту даярдап, сатыкка алып чыккан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0