Министрлик: Дачадагылар авиакеросинге ууланган эмес, сасык тумоого кабылган

© Sputnik / Табылды КадырбековКрушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта "Манас"
Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү "авиакеросинге ууланды" делип ооруканага 12 адам жаткырылган. Алардын көбү балдар болчу.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Дача айылынын тургундары авиакеросинге ууланган эмес, алар сасык тумоого кабылганы аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Дүйшөмбү күнү "авиакеросинге ууланды" делип ооруканага 12 адам жаткырылган. Алардын көбү балдар болуп чыккан.

Сотрудники МЧС на месте крушения самолета недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Дачанын тургундары: авиакеросиндин жыты айылдан кетпей жатат
Саламаттык сактоо министрлигинин берген маалыматы боюнча, ууландык деп кайрылгандардан анализ алынып, жыйынтыгында алар сасык тумоого кабылганы аныкталган. Бейтаптардын бири гана кычкылтек газына ууланганы тастыкталды.

Учурда ооруп келгендердин абалы туруктуу.

Министрликтин билдирүүлөрүнө ылайык, санитардык эпидемиялогиялык көзөмөлдөө бөлүмүнүн  кызматкерлери кырсыктан авиакеросин аккан аймакты тактап, күйүүчү май 25 үй жайгашкан айылдын Линейная №9 көчөсүнө акканын аныкташты. Май көп агып, жыттанган жерлерден топурактын үлгүсү алынып, изилдөөгө жөнөтүлгөн. Жыйынтыгында адам ден-соолугуна коркунуч туудура турган эч кандай зат табылган эмес.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап түшүп, 39 кишинин өмүрү кыйылган.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0