Кыргызстан тууралуу ролик National Geographic сынагынын финалына чыкты

Жазылуу
Эки мүнөттүк видеону өткөн жылдын жай айларында блогер жана саякатчы Тимур Тугалев менен Сара Иззи тарткан. Алардын эмгегинен сырткары баш байгеге эки кыска метраждуу тасма талапкер болууда.

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. National Geographic журналынын британиялык версиясы Travel Photography сынагынын финалисттерин атады. Алардын катарына режиссер Тимур Тугалев менен италиялык блогер Сара Иззинин эмгеги кирди.

Основатель туристического агентства Kyrgyz trips Алекс Супинский - Sputnik Кыргызстан
Еврей жигит Алекс: кыргыз айылдарын аралагандан кийин өлкөгө байланып калдым
"Lost in Kyrgyzstan" (Кыргызстанда адашкан) аттуу ролик 4К-форматында тартылып, өткөн жылдын октябрь айында чыккан. Эки мүнөттүк видео 2016-жылдын жай айларында Ысык-Көл менен Соң-Көлдүн жээгинде жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында тартылган. Ролик кийинчерээк "National Geographic Россия" журналынын сайтына жайгаштырылган

"Видео" категориясындагы сынактын финалисттеринин катарында Мэтт Джарвистин жаныбарлар дүйнөсү тууралуу тарткан кыска метраждуу тасмасы менен Сэм Хипвеллдин түштүк-чыгыш Азиядагы калктардын бири тууралуу кыска метраждуу тасмасы чыккан.

Тугалев Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына сынактын жеңүүчүлөрү 28-февралда Лондондо финалисттер үчүн уюштурулган атайын көргөзмөдө белгилүү болорун билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0