Айдоо жерлерди туура пайдаланбагандарга айып пул көбөйтүлөт

© Sputnik / Андрей Архипов / Медиабанкка өтүүПодготовка к севу на полях в Воронежской области
Подготовка к севу на полях в Воронежской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган мыйзам долбоордун максаты — экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзам бузуулардын жоопкерчилигин күчөтүү.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жайыттарды пайдалануу режимин бузгандарга, айдоо жерлерин багыты боюнча пайдаланбагандарга айып пул өлчөмү жогорулатылат. Жогорку Кенештин жыйынында "КР Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору 2-окууда каралып, талкуусуз добуш берүүгө жиберилди. Бул тууралуу парламенттин сайтында айтылат.

Аталган мыйзам долбоорунун максаты — экологиялык жана техникалык коопсуздук жаатындагы мыйзам бузуулардын жоопкерчилигин  күчөтүү.

"Айыл чарба жерлерин отоо чөптөргө бастырып, жайыттар жана айдоо жерлер туура пайдаланылбай, суу чарба курулуштары, жасалгалары зыянга учурап жана аларды пайдалануу эрежелери бузулгандыктан аталган долбоор иштелип жатат", — деп жазылат маалыматта.

Мындан сырткары, долбоордо башка жагдайларга карата да административдик жаза пулду жогорулатуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0