Ошто Россиядан алып келинген 30 автобуска акысыз Wi-Fi орнотулду

© Фото / Зульфия ТургуноваОш шаарына Россиядан алып келинген жаңы автобустар. Архив
Ош шаарына Россиядан алып келинген жаңы автобустар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар биринин баасы 83 миң еврону түзгөн жаңы автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына Россиядан өткөн жылы декабрь айында сатып алынган.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ош шаарына Россиядан алып келинген жаңы автобустарга акысыз Wi-Fi орнотулду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ар бир автобуска видеокамералар орнотулуп, иштеп жатат. Аталган унаалардын айдоочуларына аялдамаларда гана токтоп, жүргүнчүлөрдү аялдамалардан гана алуу талабы коюлууда.

"Аталган унаанын айдоочуларына улуттук колориттеги ак калпак жана бирдей түстөгү улуттук кемселдерди кийип иштөө милдеттендирилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Ар биринин баасы 83 миң еврону түзгөн жаңы автобустар Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын гранттык каражатына Россиядан  өткөн жылы декабрь айында сатып алынган.

Ош шаардык муниципалдык автотранспорт ишканасынын жетекчиси Расулбек Мырзагуловдун айтымында, алдыда дагы 23 троллейбус алынары күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0