Ак-Талаа: 1,5 миң сомго кымбаттаган көмүр. Кайыктырган суук, карайлаган эл

Жазылуу
Мугалим быйылкы кыш чөнтөктү оңбогондой эле какчудай болуп турганына токтолду.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар айылдарынын жашоочулары кыштын кыраан чилдесинде көмүр жетишпей, анын кымбаттыгынан эл кыйналып жаткандыгын айтса, жергиликтүү бийлик учурда сатыкта көмүр кенен деген жообун берди.

Райондун борбору Баетов айылынын жашоочусу, Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы мектептин мугалими Барчын Мамытбекова учурда эл көмүрдүн азабын тартып, колунда жоктор электр жылыткычтарына өткөндүгүн айтып берди.

Жылыткычка түшкөн күн

Жергиликтүү элдин маалыматына караганда көмүрдүн баасы былтыркыга караганда орто эсеп менен 1 500 сомго көтөрүлүп кеткен.

"Кара-Кеченин көмүрү болгону менен биздин аймакка жарабайт, аны айласыздан албаса, көп өтпөйт. Анын үстүнө кымбат. Ал эми эл буга чейин алып келген Туруктун көмүрү жок. Көчөдө бир-эки КамАЗ жүктөлүп турганы менен аны бей-бечаралар ала алышпайт. Абал былтыркыдан кыйын. Эл отун-суудан кыйналып жатат", — деди Мамытбекова.

Мугалим эже быйылкы кыш чөнтөктү оңбогондой эле какчудай болуп турганына токтолду.

"Маселен, мен жылда үч тонна жаксам, быйыл алган беш тоннам түгөнөйүн деп калды. Үнөмдөйүн деп электр энергиясын пайдаланып жатам. Бирок электрди жаккан үчүн да оңбогондой акча келерин билем. Айланып келип эле чөнтөккө күч келип жатпайбы", — деди Мамытбекова.

Ал эми аталган айылдын дагы бир тургуну Эрнис Исаков көмүр 4000 сомго чыкканын айтты.

"Учурда айылда көмүр жок, кечээ бир КамАЗ көмүр келди эле, элге жетпей калды. Күн суук. Менин үйүмдө деле жок. Азыр 3-фазалуу система менен жылытып, айла жок светке отурдум. Көмүрдүн бир тоннасы учурда баасы 4000 миң сомдон болуп жатат", — деди ал.

Алыскы Кош-Дөбө айылынын депутаты: ташып келген көмүр жетпей калып жатат

Пресс-секретарь государственного агентства по геологии и минеральным ресурсам Рыспек Токтоналиев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Рыспек Токтоналиев: көмүр кенин иштетүүгө жана чалгындоого 316 лицензия берилген
Райондун борборунун 90 чакырым аралыкта жайгашкан Кош-Дөбө айылы бар. Ал ары жагынан Жалал-Абаддын Тогуз-Торосу менен чектешет. Аталган айылдын тургуну, жергиликтүү кеңештин депутаты Жыргалбек Маметов отун-суу тартыш болгонун төмөнкүчө айтып берди.

"Көмүр эми тартыш эле болуп жатат, эл кыйналууда. Көмүрдү жакында ташып келишти эле, аз болуп калды. Бизде кыш мартка чейин жатат. Кара-Кеченин көмүрү 4, 5 миң сомдон сатылууда. Былтыр Туруктун 2 500 сомдук көмүрү менен айыл толук камсыздалган эле. Азыр бизде отуз градуска чукул суук. Колдогу көмүрдү үнөмдөп жагуудабыз. Көбү көң менен оокат кылып жатышат", — деди ал.

Аким: райондо 103 тонна көмүр бар…

Мындай пикирлерге жергиликтүү бийликтин өкүлү — Ак-Талаа районунун акиминин биринчи орун басары Абдымалик Сулайманов макул эместигин билдирди.

"Январдан баштап кара-Кече көмүр кенинин күнүгө тарттырып жатабыз. Баетовдун өзүнө келген көмүрдүн баасы 3 500 сом. Ал эми Турук кенинин 15 тонна көмүрү 2 500 сомдон Жаңы-Тилек айылында турат. 26-январь, эртең мененки саат тогузга карата боюнча бизде 103 тонна көмүр бар", — деди ал.

Анын айтымында, Баетов айылынын борборуна 23 тонна, Кара-Бүргөн айылына 15 тонна жеткирилген. Ал эми сөз болгон Кош-Дөбө туурасында төмөнкү маалыматтарды берди.

"Кош-Дөбөгө 4000 сомдон 20 тонна жеткирдик, анын сатыла элек 11-22 тоннасы бар. Айыл өкмөтүнүн катчысына кайрылып алса болот. Акыркы жолу шейшемби күнү ташып алып барганбыз", — деди акимдин орун басары.

Көмүр көйгөйү мартта өткөн аукциондон кийин чечилиши мүмкүн

Таш көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көккө жеткен көмүрдүн баасы: Баткенде тоннасы 9 миң болсо, Ошто 12 миңге чыкты
Адатта аталган райондун эли жакын жайгашкан Турук көмүр кенинен пайдаланып, кыштан "канга салам бербей" чыгышчу. Бир нече жылдан бери аталган аймактан көмүр казып келген "Кенч Строй" ЖЧКсынын лицензиясын 2015-жылы Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет соттун чечими менен жокко чыгарган. Учурда рынокто "Сардар" аттуу экинчи ишкана калган. 

"Турук кени тиешелүү көлөмдө көмүр бере алган жок.  Баасы да кымбат болууда. Жылда казчу 18 миң тоннанын ордуна, быйыл "Сардар" фирмасы 8463 тонна берип, дээрлик 10 миң тонна аз болду. Бул көйгөйдү чечүү үчүн Мингеологияга (ред. — Өнөр жай, энергетика жана кендерди пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетине) кат жазып, бизге азыртадан карьердин тендерин өткөрүп, мартка чейин бүтүрүп беришин айттык", — деди Сулайманов.

Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинен Турукту иштетүүгө аукцион жарыялангандыгын кабарлашты.

"17-январда Турук кенининдеги "Западная" бөлүгүн иштетүү боюнча аукцион жарыяланган, анын жыйынтыгы 10-мартта белгилүү болот. Анын старттык наркы 1720 доллар белгиленген", — деп билдирди аталган комитеттин маалымат катчысы Рысбек Токтоналиев.

Маалымат катчы бул боюнча түзүлгөн комиссияга аталган комитет өкүлдөрү, Ак-Талаа районунун акими, Ак-Чий айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаттары, активисттер кирерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0