Дача айылына кулаган түркиялык лайнердин төртүнчү учкучунун сөөгү таанылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСокулуктун Дача айылына кулаган учактын сыныктары
Сокулуктун Дача айылына кулаган учактын сыныктары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учкуч болушу мүмкүн деп шектелип жаткан сөөктөн алынган үлгү ким экендигин аныктоо үчүн 24-январда Түркияга анализ кылуу үчүн жиберилген.

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Сокулуктун Дача айылына кулаган учак кырсыгынан каза болгон түркиялык төртүнчү учкучтун ким экендиги аныкталды, эми анын сөөгү түндөп Түркияга жөнөтүлөт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Встреча президента Алмазбека Атамбаева с родственниками погибших в результате авиакрушения грузового самолета Boeing-747 - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев кырсык курмандыктарына куран окуп, артында калган балдардын башын сылады
Учкуч болушу мүмкүн деп шектелип жаткан денеден алынган үлгүсү анын ким экендигин аныктоо үчүн 24-январда Түркияга анализ кылуу үчүн жиберилген. Бүгүн КРдин Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) сөөктөн алынган ДНК-анализ лайнердин төртүнчү учкучуна таандык деген кабар келген.

ТИМден сөөк бүгүн түнү, 26-январда Түркияга жөнөтүлө тургандыгын кабарлашты.

Буга чейин каза болгон үч учкучтун сөөгү алардын мекени Түркияга жөнөтүлгөн

Эске салсак, 16-январда таңкы саат 7.18де Сокулук районуна караштуу Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап түшүп, 39 кишинин өмүрүн алган. Анын ичинде экипаждын төрт мүчөсү да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0