Кыргыз тыйындары чет өлкөлүк интернет аукциондордо кымбат баада сатылууда

© SputnikКыргызстандын 1993-жылкы үлгүсүндөгү тыйындары. Википедия сайтынан тартылган сүрөт
Кыргызстандын 1993-жылкы үлгүсүндөгү тыйындары. Википедия сайтынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир тыйын Россияда 18 сомдон сатылса, Казакстанда 53 сомду түзүүдө.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Чет өлкөлүк интернет аукциондордо кыргыз тыйындары кымбат баада сатылып жатат.

Көмүскөдөгү кыргыз сому. Улуттук валютанын эскиздери
Россиянын "Мешок" сайтында 1993-жылы чыккан 1 тыйын 15 рублден (17,4 сом), 10 тыйын 17 рублден (19,7 сом), 50 тыйын 35 рублден (40,6 сом) сатылууда. Ал эми казакстандык agora.kz сайтында болсо 1 тыйын 250 тенге (52,5 сом), 10 тыйын менен 50 тыйын 700 тенге же 150 сомдон сатылууда.

Белгилей кетсек, кагаз түрүндөгү 1, 10 жана 50 тыйындар 2008-жылга чейин чыгарылып, андан соң темир тыйындарга алмаштырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0