Сатыкка коюлган самсы. Архивдик сүрөт

Токиодогу Оштун самсасы: кыргызстандык жигит япондорду тамшандырууда

(жаңыланган 15:39 27.01.2017)
Кыргызстандык Шерзод Сатвалдиев Японияда жашап жаткан мекендештерин улуттук ашкана менен ттамактандырып келет. Анын колунан чыккан эң мыкты тамак — Оштун барсайган самсалары.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандык жигит Шерзод Сатвалдиев Токиодо тандыр жасап, самса жаап сатып келет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Шерзод Ошто жашап, 2009-жылы япон кызы менен таанышкандан кийин Японияга бет алган. Ал жактан эки жаш турмуш кургандан кийин Кавсар, Софиян жана Алишер аттуу үч уулдуу болушкан. Бир жыл мурда тандыр жасап, самса менен нан жаап, сата баштаган. 

Кыргызстанец Шерзод Сатвалдиев, который смастерил тандыр и печет на продажу ошские самсы в Японии
© Фото / предоставлено Шерзодом Сатвалдиевым
Кыргызстандык Шерзод Сатвалдиев самса жасоо маалында

— Шерзод, бул кадамыңа эмне түрткү болду?

— Өзүбүздүн тамакты аябай сагындым. Тандыр жасагандан кийин биринчи нан жаап көрдүм, анан Ош самсасын жасадым. Жакшы эле болду окшойт. Анан Кыргызстан менен Өзбекстандан барган жердештериме айттым. Даамдап көрүп, алар да тамшанышты. Агам мындан бизнес жасоону айтып калды. Анан эле социалдык тармактар аркылуу заказ алып, иштей баштадым.

— Японияда самсанын жасалышынын өзү таң калычтуудай сезилет…

— Заказды көбүнесе Кыргызстан менен Өзбекстандан баргандар беришет.

— Япондорчу?

— Биз жакка барып, тамак-ашыбыз менен тааныштыгы барлар самса жешет. Өмүрү жеп көрбөгөндөр да бар. Бул жактан даамдап көрүп, жактырып калгандар көп.

— Эмненин этинен жасайсыз?

— Койдун. Бирок бул жактагы эттин даамы Кыргызстандагыдан айырмаланып турат. Японияга эт көбүнчө Австралиядан ташылат. Даамы супсак келет.

  • Шерзод балдары менен
    Шерзод балдары менен
    © Фото / предоставлено Шерзодом Сатвалдиевым
  • Тандырда бышып жаткан самсалар
    Тандырда бышып жаткан самсалар
    © Фото / Шерзод Сатвалдиев
  • Сатыкка даярдык
    Сатыкка даярдык
    © Фото / Шерзод Сатвалдиев
1 / 3
© Фото / предоставлено Шерзодом Сатвалдиевым
Шерзод балдары менен

— Японияда бир самса канча турат?

— Эгер сомго которсок, болжол менен 200 сомдун тегерегинде.

— Заказ көппү?

— Бир жумада эки-үч жолу.

— Бул жалгыз киреше булагыңызбы же дагы башка менен алектенесизби?

— Жүк ташуучу унаа айдап, негизинен тиричилик буюмдарын ташыйм.

— Токидо сизден башка тандыр самсасын жасагандар барбы?

— Уга элекмин. Мен эле болушум керек.

Белгилер:
самса, тандыр, Япония
Тема боюнча
Латыш келин Анастасия: Ат-Башыга барып уй саап, нан жапканды үйрөндүм
Оштогу самсы жасоонун сырлары
Төөлөр. Архив

Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулду. Сүрөт

Мындай жол чырак азырынча дүйнөнүн бир да жеринде жок экени айтылды. Ал Кытайдын туристтер көп барган шаарына коюлган.

БИШКЕК, 19-апр.— Sputnik. Кытайда төөлөр үчүн өзгөчө жол чырак орнотулганын China News басылмасына таянып Sputnik Өзбекстан кабарлады.

​Маалыматка ылайык, жабдуу туристтер көп барган Дуньхуан шаарына орнотулган.

"Чет элдик саякатчылар Минша тоосуна, Могао чөлүндөгү храмдарга, Юмэнь жана Янгуань ашууларына көп барат. Бирок ал жакта төөлөр да арбын. Мындан улам эки жак бири-бирине тоскоолдук жаратпаш үчүн жол чырак коюлган", — деп жазылат билдирмеде.

Жергиликтүү бийлик белгилегендей, жол чырак кыймылдын коопсуздугун камсыз кылат жана дүйнөдө мындай жабдуулар азырынча жок.

Жол чыракта төөнүн сүрөтү жашыл болуп күйгөндө төөлөр өтөт, бул учурда туристтер токтоп турушу шарт. Төөнүн сүрөтү кызыл болгондо жаныбарлар токтоп, элди өткөрө турганы айтылды.

Белгилер:
турист, жол чырак, төө, Кытай
Тема боюнча
Токмокто "Коопсуз шаардын" камералары орнотулуп жатат. Карта
Талаа. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

19-апрелге караган түнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Дүйшөмбү, 19-апрелде, күндүз республиканын дээрлик бардык аймактарында күн ачык болот. Бир гана Нарын облусунун кээ бир жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Маалыматка ылайык, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +18...+23, Талас жергесинде +16...+21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл, Нарын аймактарында +12...+17 градус болору айтылды.

Күндүн табы Бишкекте +21...+23, ал эми Ошто +23...+25 градусту көрсөтөт.

Белгилер:
аба ырайы, Кыргызстан
Тема боюнча
Жаан-чачындуу болот. Келерки аптанын аба ырайы

Россия тик учактын ордун баса турчу чакан аэромобилдерди чыгарат. Видео

Россиянын Перспективдүү изилдөөлөр фонду "Циклон" долбоорунун алкагында "Циклокар" деп аталган инновациялык аэромобиль чыгаруу иштерин баштады.

Бул машина 600 килограммдык жүк көтөрүүгө ылайыкталып, ичине алты адам батат. Муну жүзөгө ашыруу иштерин Россия Илимдер академиясынын Сибирдеги бөлүмүнүн Теплофизиктер институту аткарары айтылды.

Биринчи этапта машинанын алдын ала долбоору даярдалган. Ошондой эле диаметри 1,5 метрлик циклдүү кыймылдаткычын жерден сынап көрүшкөн. "Циклокардын" жалпы көлөмү (узун-туурасы) 6,2 жана 6 метрди түзөт, саатына 250 чакырымга чейинки ылдамдыкта жүрөт. Ал эми тыным албай 500 чакырымга чейин жетсе болору белгиленген.

Аэромобиль тик учакка салыштырмалуу чакан эмес, ал имараттардын четине токтоп ичиндеги адамдарды түшүрүүгө да ылайыкташкан.

Белгилер:
кыймылдаткыч, Россия, унаа, чыгаруу, учуу
Тема боюнча
Гонконгдо пандемиядан улам робот-бармендер иштей баштады. Видео