Bloomberg: кыргыз фермердин баласы банк кызматкерлерин көзөмөлдөгөн система түздү

© Sputnik / Табылды КадырбековBehavox компаниясынын негиздөөчүсү Эркин Адылов. Facebook баракчасынан тартылган сүрөт
Behavox компаниясынын негиздөөчүсү Эркин Адылов. Facebook баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөнүн ири банктарынынын кызматкерлери иш ордунда отуруп алып рынокту манипуляциялоо менен акча тоногон учурлар болгон. Америкада билим алган кыргыз жигит мындай көрүнүшкө чекит кое турган системаны иштеп чыкты.

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Финансылык маалыматтарды чагылдырган эң алдыңкы маалымат булактарынын бири болгон Bloomberg агенттиги кыргызстандык Эркин Адылов тууралуу жазып чыкты. Андагы маалыматка караганда, Адылов өзү иштеген ири банктан же уюмдан акча сындырууну көздөгөн кызматкерлерди аныктап чыгуучу система түзүп чыккан. 

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
Бүгүнкү күндө брокердик компаниялар менен финансылык уюмдар өз кызматкерлеринин мыйзам бузушу менен мамлекетке миллиарддаган айып пулдарды төлөп келишет. Тагыраагы, компаниянын айрым кызматкерлери иш ордунда отуруп алып рынокту манипуляциялоо менен акча тоногон учурлар болгон. Айрымдары терроризмди ушундай жол менен каржылашкан.

Мындай көрүнүштөрдөн оолак болуу үчүн финансылык структуралардын көпчүлүгү атайын программалык жабдууларга же кызматкерлердин аракетин текшерип мониторинг жүргүзгөн компанияларга кайрылууга аргасыз болуп келишет.

Goldman Sachs Group Inc. компаниясынын мурдагы аналитиги Эркин Адылов Behavox компаниясын негиздеп чыкты. Анын айтымында, атайын система кызматкерлердин иш учурундагы ар бир кадамын "аңдып" турат.

"Эгер сиздин кызматкериңиз иш учурунда эмне менен алектенип жатканын билбесеңиз, демек сиз алсызсыз. Эгер банктар алдыда канчалык деңгээлде коркунуч күтүп турганын билишпесе, демек алар айыпка жыгыла тургандардын катарында", — деп билдирген Адылов.

Behavox ар бир кызматкердин кадамын анализдеген жасалма интеллект болуп эсептелет. Бул система кызматкердин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн катуу чыгарган учурларын, иш компьютерин түндө иштеткенин же башкалардан өзгөчөлөнүп ажатканага көп каттап калганынан бери иликтеп, салыштырып чыгат.

"Behavox айыпка жыгылган банктардын чыгымын гана кыскартпастан, дүйнөлүк финансылык тармакты көзөмөлдөө стандарттарын өзгөртөт", — деп билдирген Адылов.

Дизайнеры из Кыргызстана Искендер Асаналиев и Жанышбек Ботоев - Sputnik Кыргызстан
Италиялыктарга бут кийим, япондорго саат жасап берген Искендер
Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, фермердин үйүндө төрөлгөн Адылов 16 жашында Америкада билим алуу үчүн грант утуп алган. Бирок ошол учурда АКШга учуу үчүн билет баасы 2300 доллар тургандыктан баланын ата-энеси үйүн сатууга аргасыз болгон.

Адылов окуусунан тышкары төрт жерде иштөөгө жетишкен. Ошол иштеринин биринен ага ийгилик оогон. Ири банкирдин бакчасын баккан жаш кыргызстандык жигиттин акылына кызыккан үй ээси Адыловду илимий ассистенти кылып жалдап алган. Ошондон кийин кыргызстандык жигит ийгиликтерди багындыра баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0