Акибаев: Көлдүн аким менен мэрлери өз алдынча арык да каза албай калышты

© Sputnik / Табылды КадырбековПолномочный представитель правительства в Иссык-Кульской области Асхат Акибаев
Полномочный представитель правительства в Иссык-Кульской области Асхат Акибаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн өкүлү Ысык-Көл облусу башка аймактардан озуп кетпегенин белгиледи.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстан боюнча жалпы алып караганда Ысык-Көл облусу өнүгүп, алдыга озуп кеткен жок. Бул тууралуу өкмөттүн аталган дубандагы өкүлү Асхат Акибаев облустук коллегияда билдирди.

Анын айтымында, Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусу иштей баштаган жети жылдан бери "Кумтөр" кени тарабынан аймакка 3 миллиард сом которулган. Бирок бул каражат өнүгүү үчүн эмес, жашоо шартты жакшыртууга көп таасир этпеген кыска мөөнөттүү социалдык программаларга жумшалып келген.

"Фонд түзүлгөндөн бери айыл өкмөттөр менен акимдер, мэрлер өз алдынча арык да казбай калышты. Баары эле фондду карап отурушат. Кыргызстандын өнүгүү динамикасында Ысык-Көл облусу башка аймактардан озуп кеткен жок, ортодо турат. Бирок башка облустардын мындай фонду жок да. 3 миллиард сом которулду, бирок бир дагы өнөр жай объектиси ачылган жок", — деди Акибаев.

Өкүл "Кумтөр" кени эртедир-кечтир ишмердүүлүгүн токтоторун, андыктан азыртадан баштап кирешелүү ишканаларды ачуу керектигин, бул алтын кени жабылып калган учурда элге мүшкүл жаратпай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0