Ошто биринчи жолу салбурун боюнча мелдеш өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековЧемпионат по традиционной кыргызской охоте "Салбурун"
Чемпионат по традиционной кыргызской охоте Салбурун - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдешке Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Түркия жана Монголиядагы салбурунчулар чакырылат.

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Ошто 20-21-март күндөрү салбурун боюнча республикалык турнир өткөрүлөт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Салбурун федерациясынын президенти Алмаз Акунов билдирди.

Анын айтымында, түштүк регионунда мындай мелдеш биринчи жолу өтүп жатат.

"Учурда мелдешти өткөрүү боюнча Ош шаарындагы ат майдандын жетекчилиги менен макулдашылды. Мелдешке катышуу үчүн Кыргызстан эле эмес, Казакстан, Түркия жана Монголиядагы салбуурунчуларга кабар жиберип жатабыз. Ал күнү "Бүркүт салуу" "Далба ойнотуу", "Куш салуу", "Тайган жарыштыруу", "Тайган көрсөтмө" (таза тайган сынагы), "Жөө жаа атуу", "Атчан жаа атуу" боюнча таймаш өтөт", — деди Акунов.

Белгилей кетсек, Салбурун федерациясы Кыргызстанда 2006-жылы негизделип, өлкө аймагында иш алып барып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0