Эми бишкектиктер мэр менен жеке жолугушууга мүмкүнчүлүк алышат

© пресс-служба мэрии города БишкекБишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү терезеси
Бишкек шаарынын мэриясынын бирдиктүү терезеси - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Калаа тургундары мындан ары мэрияга кат аркылуу кайрылуу жасап же мэрдин өзү менен жолугушууга жазыла алышат.

БИШКЕК, 29-янв. — Sputnik. Борбордук муниципалитетте жарандардын ыңгайлуулугу үчүн "Бирдиктүү терезе" системасы ачылганын Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, эми калаа тургундары кат аркылуу кайрылуу жасап, мэрдин өзү менен жолугушууга мүмкүнчүлүк ала алышат.

"Бирдиктүү терезе эртең менен саат 8.30дан кечки 17.30га чейин иштейт. Каалоочулар Чүй проспектиси №166 дарегиндеги мэрия имаратынын биринчи кабатына келишсе болот", — деп айтылат маалыматта.

Жарандардын кайрылууларын мэриянын адистери Зейнепбүбү Имирова (61-34-71) менен Зарина Макелдеева (61-07-05) кабыл алса, мэр менен жолугушууга Аида Калдыбаева каттайт (66-06-21).

Жаңылыктар түрмөгү
0