"Ак-Кула" ат майданы 20 жылдан кийин мэриянын карамагына кайрадан берилди

Жазылуу
Ат майдан биринчи жолу мэриянын карамагына 1996-жылы берилген. Бир жылдан кийин акционердик коом уюштурулуп ат майдан ижарага берилген.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. "Ак-Кула" ат майданы кайрадан мэриянын карамагына берилгенин муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

1979-жылы 20-декабрда Кыргыз ССР эл депутаттарынын Фрунзе шаардык кеңешинин аткаруучу комитетинин чечими менен Термечиков көчөсүндөгү 57,4 гектар жер Фрунзе мамлекеттик ипподромуна берилген.

Чолпон-Атадагы жаңы салынган ипподром. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чолпон-Атадагы ипподром Белоруссиядагы сынакта мыкты деп табылды
1995-жылы 30-октябрда ат майданы Бишкектин өзүн-өзү башкаруу башкармалыгына берилчү имараттардын катарына кирген. Ал эми 1996-жылы 12-апрелде мэриянын карамагына берилген.

Мэриянын билдиришинче 1997-жылы мамлекеттик "Ак-Кула" АКы мыйзамсыз түрдө кайрадан "Ак-Кула" акционердик коому болуп түзүлүп, анын 80 пайыз акциясы жамаатка берилген. Калган 20 пайызы Айыл-суу чарба министрлигине бекитилген.

2013-жылы 18-октябрда Ленин райондук прокуратурасынын көмөгү жана Бишкектин райондор аралык соту Айыл-суу чарба министрлигинин жер жана агрардык реформа боюнча чечимин жокко чыгарды.

Жаңылыктар түрмөгү
0