Учак кырсыгынан жаракат алган он киши ооруканадан чыга элек

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүОоруканадагы адамдын архивдик сүрөтү
Ооруканадагы адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейтаптардын абалы жакшы. Буга чейин бир нече киши ооруканадан чыккан болчу.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жаракат алып, ооруканага жаткырылгандардын ону дагы деле дарыланып жатканын Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Кукла с цветами на месте авиакрушения самолета Boeing-747 в селе Дача-Суу недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсык: тажикстандык активисттер Жакшылыкка кат жазып, оюнчуктарды жиберишти
Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Дача айылына жүк ташуучу Boeing-747 учагы кулап, 39 кишинин өмүрүн алып, 16 киши жаракат алган. Кырсыктын чоо-жайын Мамлекеттер аралык авиациялык комитети изилдеп жатат.

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче республикалык психикалык ден соолук борборунда эки киши, кыргыз курортология илимий институтунда төрт киши, ортопедия жана травматология илим изилдөө борборунда үч киши дарыланууда. Дагы бир киши Улуттук госпиталда жатат.

Бейтаптардын абалы жакшы, аларга бардык медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0