Россияда дарыгерлер баңгиликтен арылуунун жолун айтышты

© Sputnik / Сергей Пятаков / Медиабанкка өтүүМедициналык шприцтер. Архив
Медициналык шприцтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгерлер баңгиликтен арылуунун бирден бир жолу деп психотерапияны сунушташат.

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Баңгизатка берилүүнү дары менен айыктырууга болбойт, анткени дары-дармек убактылуу гана таасир берерин наркологдор маалымдаганын РИА Новости билдирди.

Дарыгерлер баңгиликтен арылуунун бирден бир жолу деп психотерапияны сунушташат. Анткени баңгизатка берилген адамдар психикалык жактан оорушат.

"Баңгизатка берилген адамды дарылоо кыйын. Дары ичсе деле ал баары бир тарайт. Баңгизат колдонгон адам өмүр бою дары ичип өтө албайт да. Бул оору адамды физикалык жактан эмес, психологиялык жактан жабыркатат. Анткени улам баңгизаттан ырахат алып туруу адамдын оюнан кетпей жүрө берет. Ал улам-улам ошону гана эңсеп калат", — деди психиатр, нарколог Юрий Вяльба.

Дагы бир нарколог Александр Дрейзиндин ою боюнча баңгиликтен арылууда дары убактылуу гана жардам бергендиктен наркоман башкача жашоону үйрөнүүгө аракет кылышы керек. Бул убакытты, баарлашууну жана психотерапияны талап кылаарын нарколог кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0