Ошто унаа тыгынынан арылуу үчүн асма көпүрө курулат

© Фото / Алиев ЖоомартОш мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор
Ош мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асма көпүрөнү курууга болжолдуу түрдө 15-20 миллион сом керектелет.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ош шаарында эл көп өткөн көчөлөргө асма көпүрө куруу долбоорун шаардык кеңештин депутаты Алимжан Байгазаков демилгелеп чыкты. Эгер сунуш жүзөгө ашса шаардагы унаа тыгыны 70-80 пайызга кыскарат деп болжолдонууда.

Коомдук талкууга коюлган мэриянын Жол башкармалыгы тарабынан демилгеленген эскиздик долбоор боюнча асма көпүрөнүн чар тарабы ачык айлана формасында болсо, ал эми коомдук талкууга коюлган депутаттын долбоорунда көпүрө төрт бурчтуу келип, тегереги курчалып, чыгып-түшүү үчүн эскалатор коюлат.

© Фото / Шумкар ПаизовОш мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор
Ош мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор
© Фото / Алиев ЖоомартШаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
2/3
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү
© Фото / Алиев ЖоомартШаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
3/3
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү
1/3
Ош мэриясынын алдындагы жол башкармалыгы даярдаган эскиздик долбоор
2/3
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү
3/3
Шаардык депутаттар сунуштаган долбоордун көрүнүшү

Унаа тыгынынан арылууну көздөгөн бул долбоор качан ишке ашып, канчалык деңгээлде реалдуулукка жакын? Бул сууролорго Sputnik Кыргызстан агенттиги жооп издеп көрдү.

Демилгечи депутат Алимжан Байгазаков асма көпүрөнү куруу үчүн шаардык бюджеттин чама-чаркы жетерин айтат.

Автомобильная пробка в Москве - Sputnik Кыргызстан
Кулатов көчөсүнүн жарымы бир тараптуу болот
— Ош шаарында унаа тыгындары көп болуп кеткендигине байланыштуу асма көпүрө куруу боюнча "Бир бол" фракциясынын депутаттары демилгелеп чыктык. Аны жакында комитеттик жыйында дагы сунуштайбыз. Маселени карап чыгып негизги көйгөй жараткан Масалиев — Навои жана Курманжан датка — Айтиев көчөлөрүнүн кесилишиндеги аймактарга токтолдук. Өтмөктү жер алдынан куралы десек 100 миллион сомго чукул каражат талап кылынып, кымбат түшүп калат экен. Асма көпүрөнү жөнөкөй кылып курсак 5-6 миллион сом, ал эми заман талабына ылайык сапаттуу кылып кура турган болсок болжолдуу түрдө 15-20 миллион сом керектелет. Курулушту 2017-жылкы шаар бюджетинин планына киргизүүнү сунуштайбыз. Мындан сырткары, начар абалдагы тротуарларды оңдоо боюнча маселени дагы карап жатабыз.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын шаар куруу жана муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы Мирлан Исраилов асма көпүрө куруу долбоору 2015-жылы эле мэрия тарабынан көтөрүлүп каражат маселесинен улам ишке ашпай келгенин айтат.

— Бул боюнча 2015-жылдан бери эле мэриянын алдындагы Жол башкармалыгы иштеп жатат. Жер астынан алып өтүү боюнча караганыбызда коммуникациялар тоскоолдук жаратары аныкталып, асма көпүрө курууга токтолгонбуз. Ага троллейбустук линиялар маселе жаратууда. Долбоор каражаттан көз каранды болуп жатат. Эгер каржы жагы чечилсе быйыл курулуп бүтүп калышы мүмкүн. Жол башкармалыгынан тышкары, кытайлык бир компания менен да сүйлөшүүлөр болгон, алар да жакында долбоорун алып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0