Ур-тепкиге кабылган үч аялдын ишин министр өз көзөмөлүнө алды

© © фото очевидца А. П., отправленное по Whats App-каналуНеизвестный избивает женщину в продовольственном магазине в районе ГЭС-2
Неизвестный избивает женщину в продовольственном магазине в районе ГЭС-2 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кылмышкерлерди издөөгө Чүй ОИИББ менен ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тартылган.

БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Ички иштер министри Улан Исраилов Аламүдүн айылындагы дүкөндүн ичинен сабалган үч аялдын ишин жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, былтыр 22-декабрда дүкөнгө кирип келген үч бейтааныш эркек киши аялдарды ур-тепкиге алып, кассадагы 40 миң сомду алып кетишкен. Окуя видеокамерага түшүп, ал тасма 28-январда гана чыккан. Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 168-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Интернетке чыккан оор кылмыштын баары министрдин жеке көзөмөлүндө. Тийиштүү тапшырмалар берилди", — деп жазылат маалыматта.

Кылмышкерлерди издөөгө Чүй ОИИББ менен ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы тартылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0