Банктык карталарды колдонуучулар үчүн 7 кеңеш

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүБанковские карты международных платежных систем VISA и MasterCard
Банковские карты международных платежных систем VISA и MasterCard - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күнүмдүк жашоодо акча сактап, соода-сатык иштеринде төлөм карталарын кеңири пайдаланып келебиз. Арабызда аны жоготуп же сындырып алып, кантип калыбына келтирерин билбей жүргөндөр да бар. Сактыкта кордук жок демекчи, Sputnik Кыргызстан адистердин кеп-кеңешин тизмектегенге аракет кылды.

Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Радио
Бакыт Төрөбаев: Айыл банктагы 1 млрд. 600 млн. сом иштетилбей турат
Учурда банк карталарын колдонгондордун саны 1,5 миллиондон ашты. Бирок Улуттук банкка 2016-жылы картага байланыштуу кооптуу жагдай тууралуу 1300 билдирүү түшкөн. Анын 600үндө картага блок коюлса, алдамчылык катары каралган 700 учурга тергөөдөн кийин гана тийиштүү баа берилмекчи. Көпчүлүгү эл аралык төлөм системасына тиешелүү болгон карталарда болжол менен сегиз миллион сомдой акча каражаты бар.

Андан сырткары, акыркы мезгилде банкоматтарга скимминг (картанын PIN-кодун жана андагы маалыматтарды чогултуучу электрондук түзүлүш) орноткон фактылар дагы көбөйүп, анын аркасында алдамчылык операциялардын саны кескин жогорулоодо.

1. Акчаны сактоодо жана колдонууда картанын кайсы түрү ыңгайлуу?

Банктык карталардын дебеттик деп аталгандары коммерциялык банктар тарабынан берилет. Кыргызстанда мындай картанын жардамы менен терминалдар же башка жабдуулар аркылуу соода жасоого, кызмат акысын төлөөгө жана түрдүү валютада накталай акча алууга болот. Кардар картадагы каражатын өз керектөөсүнө жараша жумшай алат.

Ал эми кредиттик картанын жардамы менен картада акча жок болуп калган учурда банк тарабынан кошумча берилген сумманы колдонууга болот. Ал үчүн кардар алган айлыгына жараша банк менен келишим түзөт. Андан соң гана айлык маянанын өлчөмүнө ылайык, кошумча каражат берилет.

2. Картаны жаңы алып жатканда эмнени эске алуу зарыл?

Төлөм карталарды алып жаткан учурда, биринчиден, коммерциялык банкты тандоо керек. Андан соң анын кызмат көрсөтүү баасына, жеңилдиктери жана башка тейлөө акысына көңүл буруу кажет.

3. Эгер төлөм картаңызды жоготуп алсаңыз кандай аракеттерди көрүү керек?

Картаны жоготуп же уурдатып жиберсеңиз тез арада төлөм картасын берген банкка кайрылуу керек. Же болбосо кардарлардын чалууларын кабыл алган борбор менен байланышуу зарыл. Бул учурда тиешелүү адистер төлөм картасынан акча алууга автоматтык түрдө бөгөт коет.

4. Кайсы валюта менен операцияларды ишке ашыруу арзан түшөт?

Behavox компаниясынын негиздөөчүсү Эркин Адылов. Facebook баракчасынан тартылган сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Bloomberg: кыргыз фермердин баласы банк кызматкерлерин көзөмөлдөгөн система түздү
Өлкөдөгү төлөм карталары операцияларды негизинен улуттук валюта менен жүргүзөт. Бирок айрым банкоматтар менен банктардын кассаларынан чет элдик валютада накталай акча алууга болот. Ошондой эле операциялар сиздин эсебиңизде бекитилген валютага ылайык аткарылат. Эгерде башка валютада акча алууну кааласаңыз, коммерциалык банк ошол күнү бекиткен валюта курсу менен накталай акча берет.

5. Төлөм карталарын кантип сактоо зарыл?

Негизинен картаны суудан, ысыктан, электромагниттик жана механикалык таасирлерден сактоо керек. Күнүмдүк жашоодо аны ар кайсы жерге таштап, башка бирөөгө берүүгө болбойт. Карта менен төлөп жатканда өзүңүздүн катышууңуз же байкооңуз менен аткарылышын талап кылыңыз.

6. Картадагы акчаны уурдатып жибербеш үчүн кандай аракеттерди көрүү абзел?

Төлөм картаны алып жатканда жеке идентификациялык код берилет. Анын жардамы менен өз каражатыңызды пайдалана аласыз. Кодду картага жазууга тыюу салынат, ошондой эле экөөнү чогуу сактоого да болбойт. Кандай гана учур болбосун ПИН-кодуңузду эч кимге бербеңиз, түрдүү операцияларды аткаруу маалында сырттан карап турган адам болбогону оң, мындан тышкары, акча алуу үчүн башка бирөөлөрдөн жардам сурабаганга аракет кылуу зарыл. Өз картаңыздын номерин, банктын жана кардарларды колдоо борборунун телефон номерлерин жазып, жаныңызга ала жүрүңүз. Картага дагы накталай акчадай эле мамиле кылуу керек. Колдон келишинче акчаны банк жана мекеменин ичинен алууга аракет кылыңыз.

7. Комиссиялык төлөм көп өлчөмдө алынса эмне кылуу керек?

Банкоматтан акча алып жаткан адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Reuters: хакерлер Кыргызстан баштаган 10 өлкөнүн банкоматтарына кол салды
Төлөм картасын алуудан мурда картанын жардамы менен аткарыла турган операциялар үчүн алына турган комиссиялык төлөмдүн өлчөмү менен таанышуу зарыл. Эгерде аткарылган операциядан кызмат көрсөтүү үчүн көбүрөөк каражат алынып калса, кардар паспорту менен банкка барып, маселени ал жактан тактай алат.

Кошумчалай кетсек, Улуттук банктын маалыматына ылайык, өлкө аймагында карта колдонуучулардын саны бир жарым миллиондон ашты. Ал эми бюджеттик мекемелерде эмгектенгендердин 93 пайызы улуттук "Элкарт" төлөм картасын пайдаланууга өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0