Авиакырсык: түрк компаниясы чыгымдарды төлөп бермей болду

© AP Photo / Vladimir VoroninПохороны по погибшим в результате крушения грузового "Боинга-747-400" в Дача СУ
Похороны по погибшим в результате крушения грузового Боинга-747-400 в Дача СУ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түрк авиакомпаниясынын жетекчиси чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди. Өкмөттүк комиссия кыска убакыт аралыгында чыгымдар тууралуу маалымат берилерин айтты.

БИШКЕК, 01-фев. — Sputnik. Кыргызстандын биринчи вице-премьери Мухамметкалый Абулгазиев АСТ түрк авиакомпаниясынын башкы директору Желал Карабаш баштаган өкүлдөрдү кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеге караганда, жолугушуу 31-январда өтүп, Дача айылына кулап түшкөн учак кырсыгынын чыгымдары тууралуу талкуу жүргөн.

"Түрк тарап чыгымдар боюнча жардам берүүгө, жетим калган балдарга психологиялык колдоо көрсөтүүгө, аларды орто мектептен баштап жогорку билим алуусуна чейин камкордукка алууга жана башка мамлекеттик чыгымдарды биргеликте чечүүгө даяр экенин билдирди", — деп айтылат маалыматта.

Ооруканадагы адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Учак кырсыгынан жаракат алган он киши ооруканадан чыга элек
АСТ түрк авиакомпанияcынын башкы директору Желал Карабаш учактагы жүк тууралуу дагы кыскача маалымат берген.

"Boeing-747 учагы буга чейин Гонконг-Бишкек-Стамбул багыты боюнча бир нече жолу жүк жеткирген. Ар бир каттамда Бишкекке конуп, Стамбулга чейин кошумча күйүүчү май куюу менен экипаж мүчөлөрүн алмаштырып келген. Жүк Бишкекке багытталган эмес", — деп билдирген Карабаш.

Ал эми өкмөттүк комиссия кыска убакыт аралыгында АСТ түрк авиакомпаниясына Boeing-747 учагынын кыйрашына байланышкан чыгымдар тууралуу толук маалымат берилерин кошумчалады.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0