Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон

Бишкекте имараттын дубалына тартылган китти ак түскө боёп салышты

554
(жаңыланган 10:44 02.02.2017)
Буга чейин милиция Чүй преспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган.

БИШКЕК, 1-фев. — Sputnik. Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгонун граффитинин авторлорунун бири Сергей Келлер Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

  • Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон
    Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй преспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган
    Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй преспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган
    © Фото / Сергей Келлер
  • Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы граффитини боё боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгүнүн билдирди.
    Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы граффитини боё боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгүнүн билдирди.
    © Фото / Сергей Келлер
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Борбор калаадагы белуха кити тартылган дубал ак түскө боёлгон

Буга чейин милиция кызматкерлери Чүй проспектиси жана Панфилова көчөсүндөгү дубалга тартылган белуха кити боюнча териштирүү баштаганы маалымдалган. 

"Абдан өкүнүчтүү. Эмне болгонун так билбейм, билишимче үйдүн ээси дубалды боёп салыптыр. Эми аны деле түшүнсө болот. Себеби социалдык тармактарда киттин айынан чоң талкуу болду. Башка жагынан карай турган болсок, дал ушул кит тууралуу сөз болуп жаткан эмес эле да", — деди Келлер.

Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы граффитини боёо боюнча эч кандай чаралар көрүлбөгөнүн билдирди.

Эске салак, кыргызстандык өспүрүмдөр социалдык тармактар аркылуу "морекитов", "тихий дом", явигре" жана "разбудименяв420" хэштегдери менен бөлүшө баштаганы айтылган. Ал эми Россиянын укук коргоо органдары өспүрүмдөрдүн өз өмүрүнө кол салып жатышына аталган хэштегдердин тиешеси бар экенин билдирген.

554
Белгилер:
кит, граффити, Сергей Келлер
Тема:
Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" оюн (11)
Тема боюнча
Бишкекте тартылган киттин сүрөтү боюнча милиция тергөө баштады
Өспүрүмдөрдү өлүмгө "жетелеген" топтор Кыргызстанга жетти. Энелердин эси чыгууда
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

26
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

26
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды
Шайлоого даярдоо иштери. Архивдик сүрөт

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

70
(жаңыланган 13:27 24.10.2020)
Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комитети мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бул тууралуу БШКнын жыйыны учурунда белгилүү болду.

"Кэчээ президенттик аппараттын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону эч бир орган аныктабайт. БКШ болгону анын мөөнөтүн белгилеп берет", — деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан

 

70
Белгилер:
президенттик шайлоо, Нуржан Шайлдабекова, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу