Бишкек мэриясы шаарды жарыктандырууну улантып жатат

© пресс-служба мэрии города БишкекУстановка освещения вдоль велодорожки на юге столицы
Установка освещения вдоль велодорожки на юге столицы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл шаардын 38 көчөсүнө 6 миң жаңы чырактарды коюу пландалып жатат.

БИШКЕК, 3-фев. — Sputnik. Жаңырган жылдан тарта Бишкек шаарына жаңы электр үнөмдөөчү 260 чырак коюлганын мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаңы чырактар Шабдан баатыр көчөсүнүн Иса Ахунбаевден Жибек Жолу проспектисине чейин коюлган. Ошондой эле Токтогул көчөсүнүн Гоголь жана Бейшеналиева көчөлөрүнө чейинки аралыгына да коюлду.

"Учурда Юнусалиев көчөсүн жарыктандаруу иштери аткарылып жатат. Жалпысынан быйыл шаардын 38 көчөсүнө 6 миң жаңы чырактарды коюу пландалып жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Андан сырткары шаар тургундары эмне себептен күндүз жол боюндагы жарыктар күйүп турганын айтып кайрылышкан. Мэриянын билдиришинче мындай аракеттер оңдоо иштерине байланыштуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0