Facebook таанышуу жаңы кызматын ишке киргизди

© REUTERS / VALENTIN FLAURAUDСоциальная сеть Facebook
Социальная сеть Facebook - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Facebook мобилдик тиркемеси ушул сыяктуу функцияны ишке киргизген. Анда колдонуучулардын сүйлөшүүсү үчүн темалар сунушталып турган.

БИШКЕК, 4-фев. — Sputnik. iOS менен Android түзүмүнүн колдонуучулары үчүн Facebook мобилдик тиркемесинде Discover People (дос табуу) бөлүмү ачылды. Бул кызмат кызыкчылыктары бирдей адамдарды табыштырууга багытталган. Бул тууралуу TechCrunch порталы жазып чыкты. 

Штаб-квартиры корпорации Facebook в Менло-Парк, штат Калифорния - Sputnik Кыргызстан
Instagram бир нече сүрөттү бир учурда жүктөөгө жол ачат
Маалыматка караганда, жаңы кызмат аркылуу жакынкы аралыкта ким кайсы концертке барарын, сиздин деңгээлиңиздеги компанияда иштеген адамдар тууралуу маалымат алууга болот.

Discover People (Дос табуу) бөлүмү меню панелиндеги More ("дагы") деген жерде жайгашкан. Сервисти ишке киргизүү үчүн өзүңүздүн бир нече сүрөттөрүңүздү жүктөп, хоббиңизди жазып коюу жетиштүү. Убакыттын өтүшү менен каталог сиз жайгашкан аймакта жашаган адамдарды жана бир тармакта иштеген жарандардын тизмесин сунуштай баштайт.

Буга чейин Facebook мобилдик тиркемеси ушул сыяктуу функцияны ишке киргизген. Анда колдонуучулардын сүйлөшүүсү үчүн темалар сунушталып турган.

Жаңылыктар түрмөгү
0