Айгүл Кулдаева: себеби жок капалануу эмчек рагына алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековРуководитель "Школы пациентов" Айгуль Кулдаева
Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
4-февраль рак илдети менен күрөшүүнүн дүйнөлүк күнү. Тилекке каршы Кыргызстанда дагы бул ооруга чалдыккандардын саны аз эмес.

Айгүл Кулдаева эмчек рагын жеңгендердин бири. Ал бир жылдан бери Улуттук онкология борборунун алдындагы "Бейтаптардын мектебин" иштетип, оорулууларга психологиялык жактан жардам берип келет. Журналист Гүлдана Талантбекова ракты алдын алуу жана анын келип чыгуу себептери тууралуу маек курду.

— Айгүл эже, алгач "Бейтаптардын мектеби" тууралуу айта кетсеңиз, анда кандай иштер аткарылат?

Работа родильного отделения Калининградского родильного дома №4 - Sputnik Кыргызстан
Гинеколог Наби Тагиев: акушерлердин эркек болгону жакшы
— Бул мектепти ачканыма бир жылдай болду. Ага чейин бейтаптарга келип китепчелерди таратып, маалымат берип турчумун. Өзүм 2012-жылы рак илдетине чалдыгып калдым. Учурда абалым туруктуу, бирок дарыгерлер менен байланышта болуп турам. Өзүм айыккандан кийин жүрөгүмдөгү үмүтүм, максатым—бейтаптарга жардам берүү болду. Азыркы учурда эмчек рагы менен ооруган аялдардын саны өсүп жатат. Ага экологиянын бузулушу, стресс, тамак-аш, кийим-кече жана башка көрүнүштөр себеп болуп жатат. Мектепте, университетте окуган, турмушка чыга элек кыздар да келип көрүнүп жатышат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн программа иштеп чыгалы деп атайын кызматтар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Мектеп ачылгандан баштап аялдар кайсы маалда келбесин кабыл алып, психологиялык жактан жардам берем. Анткени "рак илдетине чалдыктыңыз" дегенди укканда көбү стресске кабылышат. Анын айынан айрымдары сүйлөбөй калат, ыйлашат, бир орунга тура албай жүрөктөрү түшүп качкандары бар. Мектепте менден башка ооруну жеңген 10 айым бар. Азыр жакшынакай болуп иштеп жүрүшөт. Ушулардай болгула деп башкаларга мисал катары көрсөтүп айтып келем. Ошондо бейтаптар "жалгыз эмес экенбиз, жеңсе болот турбайбы" деп аң-сезимдери өзгөрөт.

—Эмчек рагы менен жаш кыздар көбүрөөк кайрылып жатат деп калдыңыз. Бул илдет бара-бара жашарып баратат десек туура болобу?

— Дарыгерлердин маалыматына таянсак, акыркы беш жыл ичинде эмчек рагы кыйла жашарган. 9-10-класста окуган кыздарды апалары ээрчитип келет. Алар суук тийгизип алганда, төшү ачык кийимдерди кийгенде, кокусунан катуу нерсеге урунуп алганда ракка кабылышат. Ал эми 30 жаштан кийинкилерде стресстен улам пайда болот. Мындан тышкары, рак тукум кууйт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук онкология борборунун алдындагы "Бейтаптардын мектебин" жетекчиси Айгүл Кулдаева: дарыгерлерге барып "ооруну жеңем, айтканыңар менен болом" деп уулум үчүн, өзүм үчүн, аялдар үчүн жеңейин деп максат койдум. Буюрса ойлогон оюма жеттим
Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Улуттук онкология борборунун алдындагы "Бейтаптардын мектебин" жетекчиси Айгүл Кулдаева: дарыгерлерге барып "ооруну жеңем, айтканыңар менен болом" деп уулум үчүн, өзүм үчүн, аялдар үчүн жеңейин деп максат койдум. Буюрса ойлогон оюма жеттим

— Өзүңүз бул ооруга эмнеден улам чалдыгып калдым деп ойлойсуз?

Мэр Москвы Сергей Собянин посетил детскую городскую поликлинику № 125 - Sputnik Кыргызстан
Ракты дарылоочу аппаратты КРге жыл аягына чейин алып келебиз деп сөз беришүүдө
— Жалгыз уулум катуу ооруп, башынан шишик табылган. Операция жасалды, бирок сактап кала алган жокпуз. Ошондо катуу стресс алып, эмчек безим чоңоюп кетиптир. Аны сезбей көпкө жүрдүм. Эки кызым "апа дарыланыңыз, болоору болду" дешти. Дарыгерлерге барып "ооруну жеңем, айтканыңар менен болом" деп уулум үчүн, өзүм үчүн, аялдар үчүн жеңейин деп максат койдум. Буюрса ойлогон оюма жеттим.

Эми өзүмө окшогон аялдарга операцияга чейин жана андан кийин өзүн кантип алып жүрүү керек экенин үйрөтүп жатам. Аялдар менен күн сайын жолуга берип психолог болуп бүттүм.

— Эмчек рагына операция жасаганда аны кесип салууга туура келет. Айымдарга көрк берген мүчөнү алдыруу оор болсо керек…

— Аялдардын корккону эле ушул. Болбойт деп операцияны акыркы күнгө чейин созушат. Айрымдары дарыгерге барбай көзү ачыктарга же үйдө жатып алып өз билгениндей дарыланып, шишикти ого бетер чоңойтуп алышат.

Операциядан кийин ракты түп тамыры менен жок кылган дарылоо ыкмалары бар. Бирок ошонун баарына чыдаш керек. Процесс жарым жылдан 3-4 жылга чейин созулуп кетиши мүмкүн. Операциядан үч ай өткөндөн кийин аялдар жасалма төш салдырууга келишет. Сулуулукту качан кайтарабыз деп кадимкидей күтүшөт. Жасалма төш өзүңдүкүнөн көп деле айырмаланбайт. 

© Sputnik / Табылды КадырбековАйгүл Кулдаева: эң башкысы ден соолукта болгула. Коркпогула, ооруну жеңсе болот
Руководитель Школы пациентов Айгуль Кулдаева - Sputnik Кыргызстан
Айгүл Кулдаева: эң башкысы ден соолукта болгула. Коркпогула, ооруну жеңсе болот

— Бейтаптар сизди кайдан тапса болот жана кандай кеңеш бересиз?

— Айымдар өзүңөрдү карап, кайсы жериңерде шишик болсо дароо УЗИге түшүп же мамографка көрүнгүлө. Эң башкысы ден соолукта болгула. Коркпогула, ооруну жеңсе болот. Мени болсо Улуттук онкологиялык борбордун маммология бөлүмүнүн экинчи кабатынан "Бейтаптардын мектеби" деп тапсаңыздар болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0