Муфтийдин айылга каты: арасында жүрсө дагы булуттун, адам кантип өскөн жерин унутсун

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн айылга катты Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жазып, кичи мекени Кара-Кулжаны, нускалуу сөзүн айткан ата-энесин, биринчи мугалими Евдокия Гуванованы эстеди.

Ата-энемдин телефондон "уулум" деген сөзүн укканымда айылга жетеленем

Арасында жүрсө дагы булуттун,
Адам кантип өскөн жерин унутсун,
 — демекчи туулуп-өскөн айылдын салкын абасы, суулары жана ак карлуу тоолору азыркыга чейин көз алдымда элестеп турат. Чындыгында учурда жумуштун көптүгүнөн улам айылга барууга дагы убакыт болбой калат. XXI кылым технологиянын жетишкен мезгилинде уюлдук телефон аркылуу апама же атама коӊгуроо кылганымда "уулум" деген сөздү укканда балалык кездеги көз ирмем дароо ошол мезгилге жетелейт. Кат жазуу дегенде эле ошол балалык кездеги баёо сезимдерди эске салат тура. Алла Таала бул дүйнөнү канчалык кооз кылып жаратса дагы кичи мекениңдин кооздугу алмаштыргыс чоӊ байлык.

© Фото / из личного архива Максатбека ажы ТоктомушеваМуфтий Максатбек Токтомушевдин студенттик кезинде түшкөн сүрөтү (солдо)
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев в молодости - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Максатбек Токтомушевдин студенттик кезинде түшкөн сүрөтү (солдо)

Мен 1973-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа айылында карапайым соодагердин үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келгем. Алты бир туугандын кенжесимин.

Ооба, балалыктын бактылуу күндөрүн айылдан өткөрүп, билимдин очогун баштатып, "А" тамгасын тааныткан алгачкы мугалимиӊ эсиӊе келбей койбойт экен. Үй-бүлөдө алты баланы тарбиялап чоӊойткон ата-энемдин эмгеги, мээнети жана асыл сөздөрү, даанышмандуу накыл кептери келечегибиз үчүн бойлой кеткен алтын дубал болду десек адашпаспыз.

"А" тамгасын Евдокия Петровна эжекем тааныткан

Эсимде, балалыктын алтын убактарын тоо койнунда өткөрүп, аксакалдуу аталардын нускалуу кептерин ар убакта угууга ынтызар элек.

Эсимде, мектеп босогосуна жаӊыдан кадам таштап, билимдин маанилүүлүгүн, татыктуу илим алуудагы алтын сыпаттарды алгачкы мугалимим Гуванова Евдокия Петровна эжекебизден үйрөндүк.

Эсимде, ата-энебиз биздин келечек үчүн жан үрө эмгектенип, татыктуу уулдарды тарбиялады, албетте, Алла Тааланын жардамы менен.

© Фото / из личного архива Максатбека ажы ТоктомушеваМуфтий Максатбек Токтомушевдин студенттик кездеринен бир элес (солдон экинчи )
Муфтий мусульман Кыргызстана Максатбек ажы Токтомушев в молодости - Sputnik Кыргызстан
Муфтий Максатбек Токтомушевдин студенттик кездеринен бир элес (солдон экинчи )

Мен да учурда төрт уул, эки кызыма татыктуу тарбия берүүгө жан үрөп аракет кылып келем. Алардын мекендин, элдин керегине жарап, адамзат үчүн жакшылыктын үрөнүн чачкан адамдардын болушун тилейм.

Адамга рахмат айталбаган, Аллага рахмат айталбайт

Дүйнөлүк деңгээлдеги кыргыз ортопеди, медицина илимдеринин доктору, акедемик, профессор Сабырбек Жумбаков - Sputnik Кыргызстан
Профессор Сабыр Жумабековдун айылга каты. Элитага алмашкыс классташтар…
Адамга рахмат айталбаган, Аллага рахмат айталбайт демекчи, ушул даражага жеткирип, өз мээримине бөлөгөн ата-энеме, бир туугандарыма жана кыргыз элиме ыраазычылык билдирем. Балалыктан максат кылган кыялдарымдын бири — коомубуздун өнүгүшүнө салым кошуп, эл ортосундагы ынтымакты бекемдөө менен жардамга муктаждардын мүдөөсүн орундатуу эле. Жаштын тилегин берет дегендей, учурда колдон келген жардамды берүү менен эл ынтымагын, коомчулуктун биримдигине жана жаштарыбыздын адеп-ахлагын жогорулатууда бар күчүмдү жумшап келем.

Каным тамган айылыма кат жолдоп жатып, башка мекендештерим сыяктуу эле аманчылык, бакубаттык каалаган уулуңар Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушев.

Жаңылыктар түрмөгү
0