Чоң-Алай: белден келген кар, жабылган жолдор, жардам сураган айыл өкмөтү

© Фото / Улукбек Карыбек уулуМестный житель на лошади, во время сильных снегопадов в Чон-Алайском р-не Ошской области
Местный житель на лошади, во время сильных снегопадов в Чон-Алайском р-не Ошской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда айыл өкмөттүн техникалары кардын калыңдыгынан улам борбордук жолдорду ачууга араң жетишип, ички айылдарга кол жетпей калды.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Ош облусунун Чоң-Алай районунда тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып, бир нече айылдарда жолдор жабылып жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин оорлоштурууда. Бул туурасында "Чоң-Алай элдик бирикмесинин" төрагасы Улукбек Карыбек уулу билдирди.

© Фото / Улукбек Карыбек уулуОш облусунун Чоң-Алай районунда тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып, бир нече айылдарда жолдор жабылып жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин оорлоштурууда
Ош облусунун Чоң-Алай районунда тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып, бир нече айылдарда жолдор жабылып жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин оорлоштурууда - Sputnik Кыргызстан
1/2
Ош облусунун Чоң-Алай районунда тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып, бир нече айылдарда жолдор жабылып жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин оорлоштурууда
© Фото / Улукбек Карыбек уулуМындай маалыматты аталган райондун Какшаал-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров да ырастап, мунун кесепетинен айыл ичиндегилер да өз ара катташа албай калганын айтты.
Мындай маалыматты аталган райондун Какшаал-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров да ырастап, мунун кесепетинен айыл ичиндегилер да өз ара катташа албай калганын айтты. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Мындай маалыматты аталган райондун Какшаал-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров да ырастап, мунун кесепетинен айыл ичиндегилер да өз ара катташа албай калганын айтты.
1/2
Ош облусунун Чоң-Алай районунда тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып, бир нече айылдарда жолдор жабылып жергиликтүү тургундардын жашоо-тиричилигин оорлоштурууда
2/2
Мындай маалыматты аталган райондун Какшаал-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров да ырастап, мунун кесепетинен айыл ичиндегилер да өз ара катташа албай калганын айтты.

Мындай маалыматты аталган райондун Какшаал-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Салайдин Бакиров да ырастап, мунун кесепетинен айыл ичиндегилер да өз ара катташа албай калганын айтты.

Аталган айыл өкмөтү алты айылдан туруп, аймакта учурда 9780 адам жашайт.

Көмүр сатуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ак-Талаа: 1,5 миң сомго кымбаттаган көмүр. Кайыктырган суук, карайлаган эл
"Биздин айыл өкмөткө берилген жалгыз техника тазалап жетишпей жатат. Жолду ачып, карды сүрүп койгондон кийин, кайра 15 мүнөттүн ичинде шамал уруп жабылып калууда. Карда калган эки унааны азыр эле чыгардык. Учурда борбордук жолдорду бир унаа жүрүүгө ылайыктап ачууга араң жетишип атабыз. Буга чейин ӨКМден  кошумча техника сураганыбыз менен жооп келе элек. Кардын калыңдыгы бир метрден ашты. Айылдын ички жолдорун тазалоого азырынча мүмкүнчүлүгүбүз жок. Учурда 20 градус суук болуп атат", — деди айыл өкмөт башчы.

Гайипов: башталгыч мектептин окуучулары сабакка барбай калды

Ал эми аталган айыл өкмөттөгү Жайылма айылынын башчысы Өмүрбек Гайипов кардын айынан окуучулар мектепке баралбай калганын айтты. Бул аймакта 855 киши жашайт.

"Он күндөн бери тынбай жааган кардын калыңдыгы бир метрден ашып айыл эли бир топ зыян тартууда. Чоң класстын окуучулары мектепке эптеп барса, кичүүлөрү такыр эле баралбай калды. Айрымдары тээ эки чакырым алыстан келип окушчу. Мал-жандыктарына тоюту жоктор шаардан алып келип, үч чакырым алыстагы чоң жолго түшүрүп, андан бери ат менен ташып келүүдө", – деди айыл башчы.

Аким: абал жөнгө салынып жатат

Жол белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кар көчкү түшө турган аймактар — карта
Ал эми Чоң-Алай районунун акими Жумадыл Жапаров менен байланышканыбызда абал жөнгө салынып жатканын белгиледи.

"Учурда биздин аймакка тиешелүү 100 чакырым Сары-Таш — Кара-Мык унаа жолун тазалоого сегиз техника тартылып, күнү-түнү иштеп жатат. Борбордук жолдор ачылгандан кийин ички айылдар тазаланат. Кечээ бир унааны кар басып калган экен, аны заматта эле кайра алып чыгышкан. Андан башка жабыр тарткандар жок, тоютка муктаж болгондор да катталган эмес. Кырдаалды батыраак жөнгө салуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен эки техника сурап кайрылганбыз", — деди райондун акими.

ӨКМ менен Транспорт министрлигинин кошумча техника керектигинен кабары жок…

ӨКМ да, Транспорт жана жол министрлиги да Чоң-Алай районуна кошумча техника талап кылынары туурасында маалымат келбегенин билдирди.

Транспорт жана жол министрлигинин маалымат кызматы бүгүн кар көчкү гана катталганын айтты.

"Бүгүн таңкы саат 4.00дө Дароот-Коргон — Жаш-Тилек унаа жолунда узундугу 420 метр, туурасы 10 метр, бийиктиги 3 метр болгон кар көчкү түшкөн. Ал эми 15.00дөгү маалымат боюнча жол бир тараптуу ачылган. Бизге тиешелүү жолдорду тазалоо иштери жүрүп жатат. Айрым айыл өкмөттөрдүн балансындагы жолдор ачылбай калышы мүмкүн", — деди министрликтин өкүлү.

Мындан сырткары, Чоң-Алайдын жети айылынын жолдору өкмөттүн балансына кирбегендиктен көмүскөдө калып кетерин "Чоң-Алай элдик бирикмесинин" төрагасы Улукбек Карыбеков айтат.

"Шибе айылынын 6 чакырым, Чулук айылынын 5 чакырым, Сары-Булак айылынын 6 чакырым, Кулчу айылынын 5 чакырым, Кабык айылынын 3 чакырым, Жайылма айылынын 2 чакырым, Кара-Кабак айылынын 2 чакырым ички жолдору кароосуз калган. Бул жолдор айыл өкмөттүн гана балансында болгондуктан жолдор тазаланбай эл бир топ убаракерчилик тартууда. Мындай көрүнүш жыл сайын кайталанып турат", — деди  ал.

Карыбеков аталган аймактарды өкмөттүн балансына өткөрүү, кышкысын техника менен камсыздап берүү талабын коюп, жергиликтүү калктан 3000ге жакын кол топтоп бийликке кайрылуу жибергени жатканын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Чоң-Алай районунда 31900 адам жашайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0