Авиакырсыктан жабыркагандарга ачылган эсепке 1 млн. доллар чогулду

© AP Photo / Vladimir VoroninОбломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта "Манас"
Обломки самолета Boeing-747 потерпевшего крушение недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.

БИШКЕК, 6-фев. — Sputnik. Эл аралык "Манас" аэропортуна жакын жердеги Дача айылына кулаган учактан жабыркагандарга жардам берүү үчүн ачылган ӨКМдин атайын эсебине 1 миллион доллар чогулду (69 млн. сом). Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Эске салсак, 16-январда Дача айылына кулаган учактан 39 киши каза болгон. Учурда үй-жайсыз калган жарандар "Семетей" мейманканасына убактылуу жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, 6-февралда 15.00гө карата атайын эсепке 69 миллион сом (1 миллион доллар) түшкөн.

"Атайын эсеп ачык. Каалаган жеке жана юридикалык тараптар каражат которо алат", — деп айтылат маалыматта.

Акча которууну каалагандар үчүн:

  • Эсеп номери 4407012100007868 КР Финансы министрлигинин борбордук казыналык банкы
  • БИК 440001,
  • Эсеп коду 14238900.
  • Ош шаары Моминов көчөсү,
  • 11 ОКПО 22710535 ИНН 00103200110150
  • Код УГНС 032

Акча ар кыл валютада — сом, рубль, теңге, доллар, евро, юань түрүндө кабыл алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0