Ошко жаңы троллейбустар алынып, маршруткалар азаят

© Фото / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүМодернизированные автобусы и троллейбусы
Модернизированные автобусы и троллейбусы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн жылдын аягында Ошко 30 жаңы заманбап автобустар алынып, бир катар маршруткалар линиядан алынган.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Ошко жаңы троллейбустар алынгандан кийин маршруткалар азаярын калаа мэри Айтмамат Кадырбаев жергиликтүү тургундар менен жолукканда билдирди.

Мэр узаган жылдын аягында 30 жаңы автобус алынганын белгиледи. Жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатында линиядан маршруткалар алынып ордуна автобустар таңкы саат 6.30дан кечки 21.00гө чейин каттай баштаган.

"Дагы 23 троллейбустун келиши күтүлүүдө. Буга ылайык шаардагы маршруткалардын саны дагы азаят. Мындай иштер элди толугу менен коомдук транспорт менен камсыздоого багытталып жатат", — деп билдирди Кадырбаев.

Жыйын учурунда тургундар коммуналдык сфераны жакшыртуу жана ички жолдорду оңдоо боюнча маселелерди дагы көтөрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0