"Мыкты инновациялык долбоор - 2017" сынагы башталды

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүОткрытие центра робототехники и информатики
Открытие центра робототехники и информатики - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар кыл тармактарга тиешелүү долбоорлор 15-майга чейин кабыл алынат.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы "Мыкты инновациялык долбоор — 2017" сынагын жарыялады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакка өтүнмөлөрдү кабыл алуу иши ушул жылдын 15-майына чейин уланат. Катышуучулар өнөр жай, айыл чарба, медицина, курулуш жана маалыматтык технологиялар боюнча өз эмгектерин жөнөтө алышат.

Аталган иш-аракеттер ойлоп табуучулардын эмгектерин ишке ашырып, аларды колдоо максаттында уюштурулууда.

Жыйынтыгында жеңүүчүлөр аныкталып, долбоорлорду ишке ашырууга гранттар берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0