Медакадемия авиакырсыктан кийин моргдо иштеген кош бойлуу кызматкерин сыйлады

© Фото / пресс-служба КГМАПреподавательница КГМА Чолпон Джумагулова
Преподавательница КГМА Чолпон Джумагулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медициналык окуу жайдын кызматкери учак кулагандан кийинки жасаган иштерин эстеди.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Кыргыз мамлекеттик медициналык окуу жайынын окутуучусу Чолпон Жумагулова жети айлык боюнда бар экенине карабастан учак кырсыгынан каза болгондордун аты-жөнүн тактоого жардам бергенин университеттин маалымат кызматы билдирди.

Окуу жайдын ректору Индира Кудайбергенова кызматкерге ыраазычылык айтты.

Жумагулова 16-январдын таңы ал үчүн кантип башталганын айтып берди. Бул күнү ал декретке кетүү үчүн арыз жазууга келген.

"Келсем эле ректораттан чакырып калышты. Абалды түшүндүрүп, менин жардамым керектигин айтышты", —деди ал.

Чолпон Жумагулова 2011-жылы Медакадемияны ийгиликтүү аяктап, сот медицинасы жана укук таануу кафедрасында эки жыл ординатураны окуган. Андан кийин үч жыл танатология (маркумдардын сөөк бөлүмү) бөлүмүндө үч жыл иштеп,  бул тармакта дасыккан адис деп эсептелет.

Крушение самолета Boeing-747 недалеко от аэропорта Манас - Sputnik Кыргызстан
Авиакырсыктан жабыркагандар үчүн ачылган атайын эсепке 75 млн. сом чогулду
"Маркумдардын сөөгүн аныктоо боюнча күнү-түнү иштедик. Эртең менен 37 кишинин 36сынын ким экени аныкталып, туугандарына берилди. Мындай оор түндү мен башыман өткөргөн эмесмин. Бул кайгылуу окуя менен эсимде түбөлүк калды окшойт", — деди Жумагулова.

Анын эки баласы бар, учурда үчүнчү наристесин күтүп жатат.

Белгилей кетсек, 16-январда эртең менен Дача айылында жүк ташуучу Boeing 747 учагы кулап, 39 киши каза болгон. Кырсыктын чоо-жайын КМШнын Мамлекеттер аралык авиациялык комитети иликтеп жатат.

Дача айылындагы жашоо турмуш тууралуу Sputink Кыргызстан агенттиги даярдаган материлдан окуп, көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0