Балыкчы — Корумду автожолунда иштеген жолчулардын маянасы жакында берилет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүЖумушчулардын каскалары. Архив
Жумушчулардын каскалары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2016-жылдын 10-декабрына карата жол куруу иштеринин 21,3 пайызы аткарылган. Бүгүнкү күндө 2017-жылы аткарыла турган иштердин графиги түзүлүп бүттү.

БИШКЕК, 8-фев. — Sputnik. Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду автожолун курууда эмгектенген жолчуларга бериле элек маяна толугу менен төлөнөрүн Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Билдирмеде маяна маселеси жакынкы аралыкта чечилери белгиленген.

Жол оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда быйыл салынган жана арабөк калган жолдор
"Жумушчулардын маянасы Жол чарба департаменти менен подрядчы "Лонг Хай" компаниясы Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун курууда аткарылган иштердин көлөмүн аныктоо боюнча пландык иштерди жүргүзгөнүнө байланыштуу кечиктирилип калды", — деп айтылат маалыматта.

Эсептөөлөрдүн жыйынтыгында Жол чарба департаменти подрядчы "Лонг Хай" компаниясына карыз болуп чыккан. Буга ылайык заказчы тарап Финансы министрлигине ишкерлердин маянасы менен салыктарды төлөө үчүн каражат сурап арыз менен кайрылган.

"Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду жолун курууда каржылоо булагы алдын ала чечилген эмес. Бул маселе жол курулуп жаткан маалда талкууланып жатты", — деп маалыматта белгиленген.

2016-жылдын 10-декабрына карата жол куруу иштеринин 21,3 пайызы аткарылган. Бүгүнкү күндө 2017-жылы аткарыла турган иштердин графиги түзүлүп бүттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0