Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча акыркы эки жылда 32 китеп чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив
Кыргыз тилин үйрөнүү китеби. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Тарых жана маданият жылына" карата, ошондой эле Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жарык көргөн китептеринин бет ачары өтөт.

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. 2015-2016-жылдын эсеби менен кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жалпы 32 китеп чыкканын Улуттук илимдер академиясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн түштөн кийин "Тарых жана маданият жылына" карата, ошондой эле Мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде жарык көргөн китептеринин бет ачары өтөт.

Новгородская областная универсальная научная библиотека - Sputnik Кыргызстан
Мукай Элебаевдин 76 жыл илгери жазылган ички сырлары. Күндөлүктөн үзүндү
Маалыматка ылайык, адабият багытында "Манас" энциклопедиясынын 2 томдугу, "Эл адабияты" сериясынан 20 китеп, "Залкар акындар" сериясынан 15 китеп кайрадан толукталып жарык көргөн. Ошондой эле 40 жылдан бери биринчи жолу "Айтыштар" сериясы беш том көлөмүндө басылган."Окурмандардын китеп текчеси" деген сериясы менен кыргыз адабиятындагы негизги деген көркөм чыгармалар 20 том көлөмүндө жарыяланды.

Андан сырткары, Үркүндүн 100 жылдыгынын алкагында алты китеп басылып, "Тарых жана маданият жылына" карата "Кыргызстандын тарыхынын" 2 тому жарык көрдү. Ошондой эле Жусуп Баласагындын 1000 жылдыгынын урматына "Куттуу билим" чыгармасынын академиялык басылышынын 3 тому толукталып, кайрадан жарык көгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0